Menu

Жээнбековдун Өзбекстанга расмий сапары болот

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Айзада Субакожоева бүгүн, 12-декабрда жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүнө басма сөз жыйынын өткөрдү.Бул туурасында президенттин расмий сайты жарыялады.

Анын айтымында Президент Сооронбай Жээнбеков 13-14-декабрда Мамлекет башчысы катары Өзбекстан Республикасына расмий сапар менен барат.

“Бул сапар эки өлкөнүн ортосунда акыркы жылы жүргүзүлгөн активдүү саясый диалогдун уландысы болуп калат”, -деп белгиледи Айзада Субакожоева.

Сапардын жүрүшүндө Президент Сооронбай Жээнбековдун Өзбекстандын Президенти Шавкат Мирзиёев менен тар курамда жана кеңири форматта жолугушуусу болжолдонгон.

Сапардын алкагында бир катар документтерге кол коюлат, ошондой эле Мамлекет башчылары биргелешкен билдирүү кабыл алат.

Тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы маалымдагандай, Мамлекет башчысы Сооронбай Жээнбеков Өзбекстан Республикасынын Премьер-министри Абдулла Арипов жана Өзбекстан Республикасынын Олий Мажлисинин төрагасы Нигматилла Юлдашев менен жолугушуусу пландаштырылууда.

“Күн тартибинде бир нече актуалдуу маселелер бар. Эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүүнүн келечеги боюнча пикир алмашышат. Мамлекеттерибиздин ортосундагы эки тараптуу кызматташуунун мүмкүнчүлүктөрү жогору. Сапардын жүрүшүндө болжолдогон максаттарды ишке ашырууга тараптардын даярдыгы ырасталат”, -деди Айзада Субакожоева.

Мындан тышкары Президент Сооронбай Жээнбековдун Өзбекстанга сапарына чейин ал жерде Кыргызстан менен Өзбекстандын ишкерлеринин катышуусу менен соода-инвестициялык форум өткөрүү болжолдонуп жатканы маалымдалды.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 73 + = 79

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: