Бүгүн, 19- сентябрда Казакстандын Нур-Султан шаарында өтүп жаткан күрөш боюнча дүйнө чемпионатына кыргыз балбаны Айсулуу Тыныбекова катышат.
Ал спортчулар арасындагы 62 килограммдык категорияда күч сынашат.
Чүчүкулактын жыйынтыгында Тыныбекованын атаандашы Мексикалык Алехандра Ромеро болгондугу аныкталды. Алар 1/8 финалда беттешишет.
Күрөш Бишкек сааты менен 11:00до башталат.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ