КР Маданият, маалымат жана туризм министрлиги тарабынан жарыяланган «Күлүйпа Кондучалова жана кыргыз маданияты» жумалыгынын алкагында белгилүү мамлекеттик жана коомдук ишмер Кулуйпа Кондучалованын 100 жылдыгына карата, А. Осмонов атындагы Кыргыз Республикасынын Улуттук китепканасы китеп-иллюстрациялык көргөзмөгө карата “Легендага айланган өмүр” видео-тасма даярдалды.
Көргөзмөдө К. Кондучалованын өмүр жолу, Кыргызстандын маданиятына кошкон олуттуу салымы жөнүндө КР Маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары Кайрат Иманалиев, мамлекеттик жана коомдук ишмер , Кыргыз ССРинин Жогорку Кеңешинин “Легендарлуу парламентинин” спикери Медеткан Шеримкулов, КР Улуттук китепканасынын директору Жылдыз Бакашова, КР маданиятына эмгек сиңирген ишмер Мундузбек Тентимишев жана К. Кондучалованын кызы КР Толук жана Атайын ыйгарым укуктуу элчиси Ирина Оролбаевалар тарабынан эскерүүлөр айтылат, маалыматтык баяндамалар окулат.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ