Menu

Бөдөш Мамырова, ЖКнын экс-вице-спикери: “Райым Матраимов Атамбаевге “точка” койду

Бөлүшүү:

– Бөдөш Аманбаевна, КР Өкмөтүнө караштуу мамлекеттик Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов, КР экс-президенти Алмазбек Атамбаевге кайрылуу жасады. Матраимовдун кайрылуусуна пикириңиз кандай?

– Райымбек Матраимов Атамбаевге чыдоонун дагы чеги болоорун, “мындан ары дагы уланта бере турган болсоң, ачык күрөшкө чыгууга “маалыматым” жана акыл-эсим, дараметим жетет”,- деп “точка” койду. Матраимовдун бул кайтпас кадамына Атамбаев өзү түрткү кылды.

– Матраимов Атамбаевге: “маалыматтар жетиштүү” деп, жылаандын башын кылтыйтып, кебез менен сойгон жокпу?

– Райым Матраимов, өзү эскертип айткандай, алты жыл анын командасында болду. Албетте Атамбаев тууралуу абдан көп маалыматтар бар болсо керек. Ошол жааттан алып караганда мындан ары Атамбаевге карата айосуз күрөш баштайт го. Демек, Матраимов маалымат күрөшүн дагы, саясий коомдук пикир жаратуу күрөшүн да жүргүзгөнгө чама-чаркы жетет деп ойлойм. Албетте мындан ары да Атамбаев, Матраимовдун ар-намысына, инсандык дараметине, бир туугандарына, өзгөчө маркум атасынын арбагына шек келтирсе ага татыктуу жообун берүүгө мезгил кедди.

Булак: «Майдан»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 2

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: