Menu

Видео – Сагынбек Абдырахманов, КСДПнын лидери: «Алтыбаева менен Аманкулов депутаттык мандаттарын тапшырып, анан «Биримдигин» жүргүзө берсин»

Бөлүшүү:

КСДПнын жетекчиси Сагынбек Абдырахмановду редакцияга чакырып, маек курдук. Анда  партиянын тагдырын жана ал партиядан Жогорку Кеңешке депутат болуп келгендердин азыркы жасап жаткан кадамдарынын туура, туура эместигин сурадык. Мисалы, бүгүн сөз болуп жаткан «Биримдик» партиясынын жаңы жетекчиси болгон депутат Марат Аманкулов, ага мүчө депутат Айнуру Алтыбаева жөнүндө сурасак, КСДПнын артынан депутат болуп келгенден кийин, аягына чейин бирге болушу керектигин, ал ортодо башка партияга чуркап кеткендери туура эмес болгонун баса белгилеп, “Ата Мекен” партиясынан депутат болуп келип, кетээрде эл алдына позициясын ачык билдирип, мандатын БШКга тапшырып кеткен Алмамбет Шыкмаматовду мисал келтирди.

Мисалы, Айнуру Алтыбаева ким? Ал биздин, КСДПнын арты менен Жогорку Кең ешке келген депутат. Биздин партиянын арты менен депутат болуп келип алып, анан кайра “Биримдикмин” деп атат. Бул туура эмес. Депутат Марат Аманкулов дагы ошондой. Алар Алмамбет Шыкмаматовдой болуп мандаттарын тапшырып, анан башка партияга кетип, ишин кыла берсин. Булардын максаты КСДПны алсыратуу болуп жатат. Ошентсе да, эл билип калды ким саткын экенин, накта саткындар ЖК депутаттары турбайбы деп калышты“, – дейт С.Абдырахманов.

Сагынбек Абдырахмановдун айткандарын төмөндөгү видеодон көрүңүз:

Эске сала кетсек, 21-январда “Биримдик” партиянын башына ЖК депутаты Марат Аманкулов келгени маалым болгон. Ал эми Айнуру Алтыбаева “Биримдик” саясий партиясын 10 айым түптөгөнүн, алардын ичинде ал дагы бар экендигин кечээ айтып берген.

Ал эми Сагынбек Абдырахманов КСДПнын төрагасы катары былтыр, 18-апрелде Юстиция министрлигине каттаткан жана партиянын дарегин өзгөрткөн. Аталган партияны өзүнө каттата электе ал Алмазбек Атамбаев президент болуп турганда, «Атамбаевсиз КСДП» кыймылын түзүп, аны жетектеп, аймактарды кыдырган. Мурдагы күнү, 21-январда аталган партиянын жалпы республикалык конференциясын өткөргөн.

 Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 3 = 7

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: