Испанияда башталгыч класстын мугалими Вероника Дуке мектепке дененин түзүлүшүн чагылдырган костюмду кийип келип, өзгөчө сабак өткөн. Бул тууралуу испаниялык басылмалар жазып чыгышты.
Окуучуларга түшүнүктүү болуу үчүн жана кызыгуусун жаратуу максатында испаниялык мугалим окутуунун өзгөчө методун колдонуп, коомчулукту таң калтырган.
Ал 15 жылдан бери мугалим болуп, табигый илимдер, искусство, англис тили жана испан тилин окутат.
Мындай идеясын анын күйөөсү Майкл колдоп, Twitter баракчасына бир-эки сүрөтүн жарыялаган. Сабак учурунда тартылган сүрөт социалдык тармактарда желдей тарап, аз эле убакта популярдуу болгон.
Мугалимдин айтуусу боюнча, ал дүкөндөн өзгөчө костюмду көрүп калып, анатомия сабагы үчүн эң мыкты жардам болорун ойлоп, сатып алган.
“Мен мурда эле тарых сабагына костюмдарды колдонууну чечкем. Ошондой эле грамматика сабагында картондон жасалган кутучаларды колдоном. Коомчулук мугалимдерди жалкоо деп атаганын токтотсо дейм. Биз өз кесибибизди сүйөбүз” – деп айткан.
Булак: «KyrgyzToday»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ