Бүгүн, 28-ноябрда экс-президент Алмаз Атамбаев өз үйүнө, өзүнө караштуу “7-канал” телеканалынын журналисттерин чакырып алып, интервью жаздырып, президент Сооронбай Жээнбековго каршы үчүнчү “бомбасын” даярдап жатыптыр. Бул тууралу биздин ишенимдүү булактар билдирди.
Буга чейин “Сокени ала жатам” деп жулунуп келген Атамбаев эми “баарын ала жатам, баарын айтам, баарын ачам, бирин аман калтырбайм” деп жулунуп жатыптыр. Деги АШАдан аман кала турган кыргыз барбы Кыргызстанда?
Өткөнкү “Апрелдин” тажрыйбасынан улам айтсак, “7-канал” бүгүн интервьюну жаздырса, анан аны АШАнын “балп” этмелеринен тазалап, монтаждап эртең эфирге чыгарса керек. Анан АШАнын “бомбасы” адаттагыдай эле “петарда” болуп, тарсылдап барып, жарылбай өчсө керек. Көрө жаталы…
Баса, “7-канал” алгач саясатчы Камчыбек Ташиевдин менчигинде эле. Кийин аны “Шоопур” каймана аты бар Икрамжан Илмиянов сатып алып, Атамбаевдин кызматына койгон.
Булак: Кyrgyztoday.кg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ