Кечээ, 18-ноябрда экс-президент Алмаз Атамбаев өзүнүн жеке менчик “Апрель” телеканалына интервью берип, анын табакташтарын коррупциялык айыптар менен камап жаткан азыркы бийликти сынга алды. Интервьюнун толук версиясы бүгүн, 19-ноябрда “Апрель” телеканалынан көрсөтүлөт деп убада кылышууда. Төмөндө ал маектин басылмаларга чыгып кеткен үзүндүсүн жарыялайбыз:
– Эмнеге президенттик шайлоонун көмүскө бухгалтериясы азыр жарыяланып кеткени белгилүү. Икрам Илмияновду камашты. Муну шайлоо боюнча штабдын бухгалтери билчү. Ал акы төлөнбөгөн эмгек өргүүсүн алып, башка өлкөгө кетип калды. Ал өзүнүн өмүрүнөн коркуп жатат. Анткени азыркы бийлик Бакиевдин жолу менен кетти. Ал жөн гана кетип калды. Бул документ жөнүндө билгендер өз өмүрүнөн коркуп жатышат. Эмнеге Кулматовду паспорт боюнча отургузушту? Бакиевдин тушундагыдай акылсыздык. Алар Медет Садыркуловду “биз каалаганыбызды өлтүрүп коё алабыз” дегенди көрсөткүсү келип өлтүрүшкөн. Булар күнөөсүздөрдү камап салышты. Кубанычбек Кулматовду, Сапар Исаковду камап туруп, айтып жатышат: “биз каалаганыбызды камайбыз, керек болсо, өлтүрүп да коёбуз. Ошондуктан адамдар өз өмүрүнөн коркуп жатышат. Илмияновду камабаса, документ чыгып кетмек эмес. Балким бул үй-бүлө өзүнүн чыныгы жүзүн көпкө жашырмак. Мени таң калтырганы – биз атайын фонддун суммасынын чегин алып салганбыз. Эгерде бул таза каражат болсо, эмнеге бардык сумманы ачык көрсөткөн жок? Бул, албетте өкүнүчтүү, – деди А.Атамбаев.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ