Menu

Президент Сооронбай Жээнбеков Казакстандын Президенти Нурсултан Назарбаевди туулган күнү менен куттуктады

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков  Казакстан Республикасынын Президенти Нурсултан Назарбаевди туулган күнү менен куттуктады.

«Үзүрлүү эмгегиңиз жана өрнөктүү өмүр жолуңуз боордош эки элдин урматына жана колдоосуна ээ болуп келет. Сиздин жетекчилигиңиз менен Казакстан Республикасы эл аралык аренада өзүнүн татыктуу позициясы бар, эл аралык коомчулуктун таасирдүү мүчөсү болуп калды. Тарыхый салттарга жана өз ара сый-урматка негизделген кыргыз-казак бир туугандык мамилелер эки өлкөнүн ортосундагы тыгыз кызматташтыкты мындан ары да кеңейтүүгө өбөлгө болот деп терең ишенем», — деп белгиленет Мамлекет башчысынын куттуктоосунда.

Президент Сооронбай Жээнбеков  Президент Нурсултан Назарбаевге чың ден-соолук, бакыт-таалай, бакубатчылык жана алдыга койгон пландарыңызды ишке ашырууда ийгиликтерди каалады.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 36 + = 40

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: