Menu

Чоң иштин аты-жөнүн сураган депутат Иса Өмүркулов

Бөлүшүү:

Бүгүн, 13-декабрда КСДП фракциясы транспорт жана жол министри Жанат Бейшеновдун алынган кредиттерди пайдалануу жана Бишкек-Кара-Балта, Түндүк-Түштүк, Балыкчы-Корумду ж.б. жолдордун курулушундагы тышкы жардамдар жөнүндө маалыматын угуп жатат.

Министр Ж.Бейшенов аталган жолдордун узундугу, донорлордун каржылоо суммасы жөнүндө маалымат берди. Маалыматтан соң, КСДП фракциясынын төрагасы Иса Өмүркулов министрлик көп сынга кабыл болуп жатканын айтып, бул боюнча кандай чаралар көрүлүп жактанын сурады. “Иште жылыш барбы?” – деди депутат.

Аткаминер министрликте чоң иштер жүрүп жатканын айтты.

“Чоң иштин аты-жөнү барбы?”- деп сурады депутат.

Министр кадрлык өзгөрүүлөр болгонун, долбоорлордун өтүшүнө жаңы функциялар киргизиле баштаганын айтты.

Депутат болсо, бардык иштер бүткөндөн кийин, кайра жолдор оңдолуп-түздөлүп жатканын кошумчалады. “Силерде килейген жол чарбасы деген департамент бар. Бул тармакта бир нерсе кылынып жатабы?”- деп И.Өмүркулов дагы суроо узатты.

Жол чарбасы департаментинде 2019-жылы биринчи ирет көз карандысыз техникалык консультанттар алынганын, алар эреже сактоо жана каржылоо тармагы үчүн жооп беришерин министр келтирди.

Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 3 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: