Эки партия – “Ата Мекен” жана “Реформа” БШКга акыйкат күрөш боюнча меморандумга кол коюу үчүн келишкен жок. Бул тууралуу БШКнын башчысы Нуржан Шайлдабекова билдирди.
БШКнын башчысы партия өкүлдөрүнүн келбей калышынын себебин айта албай, кийинчерээк маалымат беребиз деп убада кылган.
Эскерте кетсек, Борбордук шайлоо комиссиясы шайлоого 15 саясий партияга катышууга уруксат берген.
Бүгүн, 4-сентябрда саясий партиялардын үгүт иштери башталды. Үгүт иштери бир айга созулат.
Президент Сооронбай Жээнбеков парламенттик шайлоону дайындоо жөнүндө жарлыкка кол койду. Алар 4-октябрда өтөт.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ