Menu

Видео – Атамбаев жана анын жан-жөкөрлөрү уран казууга дагы 14 лицензия бергени ачыкка чыкты

Бөлүшүү:

Кечээ, 2-майда КР Жогорку Кеңешинин жыйынында Кыргызстандын аймагында уран кендерин чалгындоо жана казуу иштеринин абалы боюнча КР Өкмөтүнүн маалыматы угулду. Ал жыйында айтылган маалыматтарды уккан адамдын төбө чачы тик турат.

Кыргызстандын аймагында, эсил кайран СССРдин учурунда, 1945-1967-жылдары  уран кендери казылып, андан СССРдин атом бомбалары жасалып, бир дүңгүрөгөн экенбиз. Бирок, СССР 1967-жылы бул ишти Кыргызстанда токтоткон эле. Андан мурас катары биздин өлкөдө урандын зыяндуу калдыктары сакталчу, өтө кооптуу 92 жай калыптыр. Ал жайларды коопсуздандыруу үчүн биздин бийлик 1991-жылдан бери эле, 28 жыл бою дүйнөнүн ар кайсы өлкөлөрүнөн акча сурап тилемчилик кылып келатат.

Кыргызстан өзү уран казып, аны продукция кылып дүйнөлүк рынокто сатуу үчүн уран өндүрүү технологиясы экологияга, жергиликтүү эл үчүн өтө кооптуу болгондуктан мурунку президенттер физик Акаев менен инженер Бакиев жүрөктөрү дааган эмес.

Бирок, 2010-жылы 27-июнда Кыргызстандын өткөөл мезгилинин президенти болуп шайланган Роза Отунбаева учурунда, 2010-жылы 18-ноябрда Ысык-Көлдүн Кызыл-Омполуна уран казып чалгындоого биринчи жолу лицензия берилет.

2010-жылы Алмаз Атамбаев Кыргызстандын экономикасын мыкчый кармап, алгач апрелде  Убактылуу өкмөттүн төрайымынын Экономика маселери боюнча орун басары, андан кийин КР Премьер-министри болуп иштеген. Ошондуктан уран чуусу чыгары менен Алмаз Атамбаев өзүнүн жеке менчик “Апрель ТВ” телеканалы аркылуу: “2010-жылы 18-ноябрда Ысык-Көлдүн Кызыл-Омпол уран кенин казып чалгындоо лицензиясын Роза Отунбаева өзүнүн күйөө баласы Арсланбек Кененбаевдин фирмасына 2020-жылга чейин, 10 жылга берген” деп айтып чыкты.

Макул, 2010-жылы 18-ноябрда Кызыл-Омпол кенине лицензияны Роза Отунбаева өзүнүн күйөө баласына бердириптир, ал эми калгандарычы? Алмаз Атамбаев премьер-министрлик кызматтан кийин 2011-жылы КР президенти болуп шайланып, 2017-жылдын акырына чейин Кыргызстандагы бүт бийликти мыкчып, кен байлыктардын баарын, анын ичинен уран кендерине лицензия берүүнү өзү көзөмөлдөп олтурбады беле. Кендерге лицензия берүүнү колуна бекем мыкчып олтуруш үчүн анын сөзүн эки кылбаган, отур десе отурган, жат десе жаткан, өзүнө ыңгайлуу гана министрлерди дайындап келбедиби.

Азыркы күндө Кыргызстандын аймагынан Алмаз Атамбаев өзүнүн жер казынасын көзөмөлдөгөн министрлер менен бирдикте уран казып чалгындоого дагы 14 лицензия бергени ачыкка чыкты. Биринчисин го Атамбаев бир кездеги “идеялашы” Роза Отунбаевага төңкөрүп салып, чыга качты. Ал эми калган 13 лицензияны Атамбаев кимге шылтайт экен:

2011-жылдын 20-июнунда Чүй облусунун Сокулук районунун Түндүк Камышановка аймагында уран казып чалгындоого “МГК Инвест” компаниясына берилген N2276-лицензияны Атамбаев кимге оодара салып качат?

2012-жылдын 23-июлунда Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун  Бүркүт аймагынан уран казып чалгындоого “МИЯ” ЖЧКсына берилген N1138-лицензияны  Атамбаев кимге төңкөрүп салат?

2013-жылдын 24-ноябрында Ысык-Көл облусунун Тоң жана Жети-Өгүз, Нарын облусунун Нарын  районунун аймактарындагы Чыгыш Жетим аянтчасынан уран казып чалгындоого “МГК Инвест” компаниясына берилген N1201 МП лицензиясын Атамбаев кимге түртүп салат?  Бул компаниянын ал кездеги жетечиси Анатолий Долгов болгон.

2014-жылы 2-апрелде Нарын облусунун Кочкор районунун Арсы аянтчасынан уран казып чалгындоого 2019-жылдын 2-апрелине чейин “ЮрАзия Кыргызстан” ЖЧКсына берилген N3540 МП лицензиясын Атамбаев кимге түртөт?

2014-жылы 2-апрелде Ысык-Көл облусунун Тоң районунун Шыргый аймагында уран казып чылгандоого 2019-жылдын 2-апрелине чейин “ЮрАзия Кыргызстан” ЖЧКсына берилген N3541 МП лицензиясын Атамбаев кимге түртөт?

2014-жылы 16-июнда Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун Каргыш Кызыл уран аймагынан уран казып чалгындоого “Стэнс Энержи Кей Джи” ЖЧКсына берилген N3541 МР лицензиясын Атамбаев кайда катат?

2014-жылдын 31-октябрында Талас облусунун Бакай-Ата районунун Боз-Тектир аймагынан уран казып чалгындоого “Рич Маунт Гонконг тоо кен компаниясы” ЖЧКсына берилген N3738 МР лицензиясын Атамбаев  менен анын лицензияларды берүү боюнча оң колу Дүйшөнбек Зилалиев кантип танат?  Бул жеке менчик фирманын жетекчиси – Геннадий Савченко, ээси Лань Цзюнь.

2015-жылдын 14-январында Чүй облусунун Панфилов районунун Арам-Суу аймагынан уран казып чалгындоого “Минерал Эксплорер” ЖЧКсына берилген N3859 МР лицензиясынын убалы кимге?

2015-жылы 24-мартта Нарын облусунун Жумгал районуна караштуу Чыгыш Көк-Мойнок аянтчасынан уран казып чалгындоого берилген N1060 МП лицензиясын 2017-жылдын 31-мартына чейин деген мөөнөт менен Алмаз Атамбаевдин кен байлыктар боюнча министри Дүйшөнбек Зилалиев “Бизнес Сфера” жеке менчик фирмасына берген. Атамбаев муну кимге шылтайт? “Бизнес Сфера” ЖЧКсы Кыргызстанда Атамбаевдин учурунда 2012-жылы 3-майда каттоодон өткөн, фирманын кожоюну Дмитрий Заболотний (Хэбэй Майнинг Ресорсис Ко. Лимитед).

2015-жылдын 31-декабрына чейин узартылган Нарын облусунун Кочкор району менен Ысык-Көл облусунун Тоң районунун чектешкен аймагындагы жайгашкан Кызыл-Омпол аймагынан уран казып чалгындоо үчүн “ЮрАзия Кыргызстан” ЖЧКсына берилген N2852 МР лицензиясын Атамбаев менен Зилалиев кантип жашырат.

КР Адилет Министрлигинин сайтындагы маалымат боюнча “ЮрАзия Кыргызстан” ЖЧКсынын жетекчиси Молдобек уулу Элдар.  Ал эми негиздөөчүлөрү Azarga Resources Limited жана Urasia Mining Company болуп саналышат. 2012-жылы 24-сентябрда айрым өзгөртүүлөр киргизилип, фирманын негизги кожоюндары арткы планга жашырылып, алдыңкы планга ошод эле кожоюндарынын көздөй кишилери чыгарылган.

2016-жылдын 31-декабрына чейин Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунун Шакафтар аймагынан уран казып чалгындоого Avante ЖЧКсына берилген N2171 МП лицензиясычы?  Бул жеке менчик фирманын жетекчиси Жабоев Рашид Сейпулахович болуп саналат.

2016-жылдын 31-декабрына чейин Түл аймагынан уран казып чалгындоого “Уран Мет” ЖЧКсына берилген N2559 АП лицензиясычы?

2017-жылдын 31-декабрына чейин Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун Баш-Көл аймагынан уран казып чалгындоого “Кентор” фирмасына берилген N1602 АП лицензиясын Атамбаев кайда катат. Бул фирманын жетекчиси Вячеслав Шин.

2017-жылдын 31-декабрына чейин Нарын облусунун Миң-Куш аймагынан кайрадан уран казып чалгындоого “Бизнес сфера” ЖЧКсына берилген N2546 АП лицензиясын Атамбаев менен анын оң колу Дүйшөнбек Зилалиев кантип танып кетишет.

Бул Кыргызстандын аймагы боюнча уран казып чалгындоого Атамбаевдин министрлери берген 14 лицензия азыр ачыкка чыккандары. Ал эми ачыкка чыга элеги дагы канча экенин кийинки иликтөөлөр тастыктайт.  Экс-президент Алмаз Атамбаев менен экс-министр Дүйшөнбек Зилалиев уран казууга уруксат сурагандын баарына эле лицензияларды оңду-солду кармата берип, “майлуу-сүттүү” бул рынокту каалагандай майкандашыптыр. Бирок, Кыргызстандын бүт аймагын урандын калдыктарына уулатып коюп, өзүбүз  кайда жашайбыз, кыргыз эли кайда жашайт деп ойлошту бекен?

Атамбаевдин кол алдында иштеген Дүйшөнбек Зилалиев өзүнүн кен байлыктарды жетектеген  3 жыл министрлик кызматынын ичинде жалпысынан 652 кен байлыкка лицензияны сатканын, ошондуктан анын бир эле сейфинен 900 миң доллар накталай акча чыкканын кечээ, 2-майда КР Жогорку Кеңешинин отурумунда депутат Элвира Сурабалдиева ачыкка чыгарды. Ал эми Зилалиевдин чет өлкөлөрдөгү банктарда жана офшордук аймактарда али табыла элек эсептеринде канчалаган миллион долларлар жатканын биздин укук коргоо органдары алигиче эмнеге иликтеп таап, элге айтпайт?

Бүгүн болсо “осурган кыз осурбаган кыздын бетин тырмайт” болуп Атамбаевдин жеке менчик телеканалы -“Апрель ТВ” жогоруда аталган уран казууга берилген лицензиялардын датасын жана ким бергенин айтпай туруп, инфографикаларды жасап, күнөөнүн баарын жаңы бийликке оодара салууга аракет кылып, эфирден таратып жатат.

Ал эми Алмаз Атамбаев баш болгон реваншисттер “кыз боозуп алып, апасын коркутат” дегендей Кыргызстандагы уран кризисине жаңы бийликти тымызын күнөөлөп, ар кандай митингдерди көмүскө уюштуруп,  эл аралай чапкылап, элди бийликке каршы козутууга жанталашууда.

Ошондуктан тез арада депутаттык же мамлекеттик комиссия түзүлүп, Кыргызстанда уран казып чалгындоону ким баштады, аларга лицензияларды ким берди, ким Кыргызстанды урандын уусуна ууландырууга көз жумду деген суроолорго жооп берип, иликтөөсү зарыл жана жыйынтыктарын элге ачык айтып, күнөөлүүлөргө юридикалык баа берилиши керек.

Булак: Kyrgyztoday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 62 − = 54

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: