Menu

Видео – АКШ башкы прокурору: Мюллердин иликтөөсү боюнча Трамп жоопкерчиликке тартылбайт

Бөлүшүү:

АКШнын башкы прокурору Уильям Барр 1-майда Конгрессте Мюллердин Орусия менен Дональд Трамптын шайлоо штабынын байланышы тууралуу баяндамасы боюнча көрсөтмө берди.

Башкы прокурордун айтымында, Трамп иликтөөгө тоскоолдук жаратканы үчүн кылмыш жоопкерчилигине тартылбайт.

Атайын прокурор Роберт Мюллер иликтөөнү эки жыл жүргүзгөн, анын жыйынтыктары 24-мартта белгилүү болгон. Мюллердин жетекчиси катары 448 барактан турган баяндаманы Барр жарыялаган. АКШ мыйзамдарына ылайык, документте сөз болгон айрым кишилер тууралуу маалыматтар жашырылган. Барр иликтөөнүн 10% сыр сактоого туура келгенин билдирген.

Бирок баяндаманын текшерүүдөн өткөн версиясына Конгресстин көптөгөн мүчөлөрү канааттанган жок. Буга байланыштуу алар Баррды суракка алып, иликтөөнү жүргүзгөндөргө кандай таасир тийгизгенин жана баяндаманын жашыруун бөлүгүндө эмне камтылганын билүүгө ниеттенишкен.

Демократтар Мюллердин баяндамасындагы Трамп жана анын айланасындагылар Орусиядан жардам алган эмес деген бүтүмдөн күмөн санашууда.

Барр 1-майда Конгрессте сөз сүйлөп, Мюллерди 30 жылдан бери биллерин, ал өзүнүн ишин өтө кылдат жүргүзгөнүн айтты. Ал Трамптын иликтөөгө тоскоолдук жаратканы далилденбегенин, ал жоопкерчиликке тартылбай турганын белгиледи.

Ошол эле маалда баяндамада Орусия 2016-жылы АКШда өткөн президенттик шайлоого кеминде эки ыкма менен кийлигишүүгө аракет жасаганы айтылат:

​Орусиянын атайын кызматтары Улуттук демократиялык комитеттин серверлерин бузуп, Демократиялык партиядан талапкер Хиллари Клинтондун электрондук сүйлөшүүлөрүн уурдап алышкан жана аны жайылтышкан.

Кремлге жакын бизнесмен Евгений Пригожин жетектейт делген Интернет иликтөөлөр агенттиги Демокартиялык партияга каршы кампания жүргүзгөн.

Бирок иликтөөдө Трамптын штабы же башка бир АКШ жараны орус атайын кызматтары менен байланышта болгону жана кутумга барганы тууралуу далилдер табылбаганы белгиленген.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 44 − = 43

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: