Menu

Бакыт Бакетаев: “Элдин көбү Алмаз Атамбаевди башкы коррупционер деп эсептеп жатканы чындык”

Бөлүшүү:

-Бакыт байке, сиз кийинки революция 2028-жылы болот деп элди дүрбөтүп жатасыз. Буга ишенимдүү факторлор барбы?

– 2011-жылдан бери революция жазында, күзүндө болот деп келатабыз. Ага чейин 2 жолу революция жасадык. Мен 60 жаштан аштым. Азыр сальто жасай албайм. 20 жашымда жасайт элем. Эл деле адам сыяктуу. Саясатчыларыбыз Гумилевдун формуласын жакшылап окуп чыгышы керек. Эмики революция 2028-жылы болот. Революция жасаган коом картайды, жаңы муун өсүп жетилип, саясий сальто жасай турган учурга ошондо жетет. Биздин президенттер жүз пайыз парламенттик башкарууга өтпөй жатышат. Парламенттик өлкөдө президентти омбудсмендей депутаттар шайлашат. Президент кыргыз элинин аксакалы болуп олтурат, орден тапшырып, мунапыс жарыялап коёт. Кийинки президент жүз пайыз парламенттик башкарууга өтпөй, бийликти өз колуна алып калса, ошондо революция болот.

– Азыр элде кийинки революцияны Атамбаев жасайт деген пикир бар. Ал киши бир нерсенин үстүнөн чыга алабы?

– Койсоңчу, анын иши бүттү да. Бүгүн ал толук кандуу саясий банкрот. Сооронбай Жээнбеков бийликке келген күнү эле анын саясий ыры бүткөн. Бабанов, Текебаев, Жапаров, Атамбаев, Бекназаров болобу коомчулук андайга даяр эмес. Элдин революциялык температурасы көтөрүлө элек. 2010-жылы температура түшкөн. Бир жылда эле температура көтөрүлө калбайт. 2028-жылга чейин элдин температурасы көтөрүлбөйт. Муну Атамбаев жакшы билет. Украинага окшоп мыйзамдын чегинде, шайлоо менен бийликти алмаштырса болот. Ак үйдү басып алам деген аракет ишке ашпайт.

– Кийинки шайлоодо Атамбаевде канчалык “шанс” бар?

– Бүгүн Атамбаевдин, анын партиясынын коррупциялык ызы-чуудан кийин аброю пасайды. Аны көтөрүш. үчүн убакыт керек. Элдин көбү Алмаз Атамбаевди башкы коррупционер деп эсептеп жатканы чындык. Кубан Кулматов, Албек Ибраимов, Сапар Исаков, Жантөрө Сатыбалдиев түрмөдө коррупциялык иш менен олтурат. Биздин Конституция боюнча эң негизги күнөөлүү президент. Баарына жоопкер ошол. Аны эл шайлаган, министрлерден отчёт талап кылбайт. Президенттен гана сурайт. Ушул Конституциянын кемчилиги. Парламенттик башкаруу болгондо саясатка таасир этүү депутаттардын колунан келет болчу. Азыр алар таасир эте албайт, президенттен коркушат. Бийликтин баары президенттин колунда.

– Атамбаев саясаттагы мүмкүнчүлүгүн толугу менен түгөттү деп жатасызбы?

– Азыр өтө кыйын. 50 пайыз эл дайыма бийликти колдойт. Жаңы президенттин келгенине дагы көп убакыт боло элек. Дагы 2-3 жыл бул президентти автоматтык түрдө колдошот.

– Эки революцияны кылган топ саясаттан жыдыдыбы?

– Булар аракет кыла берет. Эми революция кылам десе, колунан эч нерсе келбейт. Партияларга кирип, шайлоого катышса, парламентке барышы мүмкүн. Анда дагы көпчүлүк добушту алганга кудурети жетпейт.

– Өткөн жылы козголгон кылмыш иштер Атамбаевге барып такалып, ал киши камалат деп прогноз кылдыңыз эле. Бул прогнозуңуз чындыкка жакындабай калды го?

– Атамбаевди өткөн жылы камаганда болот эле. Азыр кеч болуп калды. Ал адам өзү чоңойткон балдары камалып олтурат. Моралдык жактан эле азап чегүүдө. Юридикалык жактан деле иш козгоп камап койсо болот. Бирок, туура эмес болуп, Текебаевди күнөөсүн далилдей албай камап койгонго окшоп калат. Жапаров деле күнөөсү жок олтурат. Укуктук мамлекетте буларды бошотуп жиберет.

– Дача-СУ, Батукаевдин иши кайра жанданды, бул окуяларга аралашкан болсо камаганга жол ачылат да?

– Жетиштүү далилдер болсо сөз жок камалат. Булар саясий иш эмес. Эл өзү “Атамбаевди токтоосуз камаш керек!” деп талап кылат.

– Эмне, Батукаевдин ишинде президент кийлигишкен эмес деп ойлойсузбу?

– Муну президент жок эч ким чече албайт да. Элдин баары түшүнүп жатат. Президенттин бул иште макул болбосо дагы унчукпай койгону бар. Бул иште Рамзан Кадыровдон телефон чалуу болдубу деген божомол бар.

– Текебаевди камаганда башкача сөздү айтып, азыр анын иши кайрадан каралышын туура деп жатканы эки жүздүүлүк болуп калбадыбы?

– Атамбаев көп нерсени эми сезип жатат. Президент кезинде көп маалыматтар так жеткен эмес. Азыр өткөн кезди бир сыйра оодарып, туура эмес кылганын түшүндү. Текебаев менен Жапаровду саясий мотив менен олтургузду. Юридикалык жактан далилдей алган жок. “Мен күнөөлүүмүн” деп өз күнөөсүн мойнуна алды.

– Бүгүн бийликке каршы сөз айта алган оппозициялык топтун курамы кеңейип баратат. Айрыкча, Жээнбековдун мурунку санаалаштары күч алууда. Президент оппозициялык күч менен кармашууга кандай топту курашы керек болот?

– Биринчи эле оппозиция асмандын башын айтпашы керек. Алардын сын-пикирлери да аткарыла турган болушу шарт. Ошондой пикирлерди президент аткара албаса, ошондо эл бийликтин кемчилигин туура деп эсептейт. Азыр оппозиция биригүү этабында. Кийинки жылы бир күчкө айланып, шайлоого аттанат. Шайлоо тосмосу 9 пайызга чыгып калды. Парламентке 3 партиядан ашык келе албайт. Кеминде шайлоого барган партияларга 20 млн доллар керек болот. Андай партиялар саналуу эле. Оппозиция Атамбаевдин тегерегинде биригиши толук мүмкүн. Анда каражат, теле, гезит бар.

– Бирок, КСДП менен эмес?

– Партия юридикалык жактан Сагынбек Абдрахмановго өтүп кетпедиби. Жаңы партия менен барышы гана керек. Эгерде соттошом десе, Шайлоо Кодекси боюнча соттошкон партиялар шайлоого катышпайт. Ошондуктан, Атамбаев башка партия менен шайлоого чыкканга аргасыз.

– Текебаев абактан чыкса саясий бурулуш жаралабы?

– Азыр эл Өкмөттүн колу карабастан эле, өзүнүн экономикалык абалын жакшыртып жатат. Ошондуктан, Текебаев чыгып эле саясий бурулуш жасап жиберет деген жомок. Бийлик 2-3 жакшы иштерин көрсөтө алса, анда аны колдогондордун көрсөткүчү 70 пайызга чыгат да, Атамбаев, Текебаевдерде 30 гана пайыз эл калат. Саясатта Текебаев, Атамбаев бириге берет. Саясий кызыкчылык деген убактылуу болсо дагы бириктирет. Бирок, алыс барбай эле ыдырашат. Канткен менен бири-бирине деген өч бар.

– Биз демократия, парламенттик башкаруу деп кыйкырык салганыбыз менен аны да кыйратып жибербедик. Деморатиянын атасы деп атаган АКШ парламенттик башкарууда эмес, президенттик башкарууда жашап келатат. Биз эмне үчүн президенттик башкарууну туура жолго салып, бир кишиге жүктүн баарын артып, ошондон талап кылганды четке кагып келатабыз?

– Президенттик башкаруу АКШ, Кытай, Россия сыяктуу чоң мамлекеттерде жакшы иштейт. Биз чакан мамлекет болгондуктан баарыбыз бири-бирибизди таанып, мамыр-жумур болуп жатабыз да. Кичинекей мамлекеттерде парламенттик система жакшы иштейт.

-Президент мураска калган системаны сындыра алабы?

-Соке абдан чоң милдетти өзүнө алды. Эми бийликти тапшырып кеткиче Конституцияны толук кандуу  парламенттик кылышы керек. Өзүнүн бийлигин вертикалдуу кылбай, горизонталдуу кылганга аракетин көрсө туура болот. Ошондо көп нерселерге жоопкерчиликтүү болбой калат. Мен бир нерсеге таң калам. Атамбаев “шопурун көтөрдү” деп айтышат. Шопур болуп иштесе өмүр бою ошол бойдон пенсияга чыгышы керекпи? Шопур билимдүү болсо, кызматка барса мыйзам бузган болобу?

– Атамбаевди учурунда мактап, маалымат жыйындарына катышып эле жүргөнсүз да. Шопурдун таасири канчалык болгонун да мыкты билесиз. Азыр эмне үчүн Атамбаев шопурга көңүл бурбай, көлөкөдө калып кетти?

– Экөөсүнүн ортосунан кара мышык өттү деп ойлойм. “Шумахер” тергөө тобу менен иштешип жатат деген пикирдемин. Ошон үчүн Атамбаев аны айткысы келбей жүрөт.

– Икрамды “каралардан” сактоо үчүн эле УКМК кармап олтурат деген сөз айтылууда. Ушул божомол чындыкка жакынбы?

– “Караларда” жазылбаган мыйзамдары бар. Ошол мыйзамдары боюнча элдин, мамлекеттин байлыгын уурдаган маслократтар болсо, сөзсүз аларга өз талабын коюшат. Икрамга “каралардын” айтчу сөзү бар болушу мүмкүн. Анткени, заматта эле байып кетпедиби.

– Жээнбеков бийликке келгенде өз алдынча саясат жүргүзүп, мурункунун планын майкандады. Азыр Атамбаев досунун бул кадамын “саткын” деп баалоодо. Чын эле бул жүрүштү саясий оюнда эмне деп баалоо керек?

– Эки достун тиреши башталып жатканда, Атамбаевге ушул маселе боюнча “Платон менин досум, бирок чындык андан жогору” деп Аристотел айткан. Сиздин чындыгыңыз эмнеде?” деп суроо бергем. Суроомо ал кишиден так, даана жооп уга алган жокмун. Мен Жээнбековго да, Атамбаевге да рахмат гана айтам. Эгерде бул экөө дос болуп, резиденцияда жатышып алып өлкөнү башкарса, мына ошондо коррупциянын эң чокусу болмок. Булардын достуктан кечкени элге пайда болду. Сооронбай Жээнбековдун саясий жүрүшүн, философиялык кадам деп айтсак болот. Мен иштейм, ката болсо сен айтып тур деди. Эми Атамбаев анын кетирген каталарын айтып турат.

Маектешкен: Т. Токтоболотов

Булак: «Жаңы Ордо»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 61 = 64

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: