Menu

Ишкерлер бир жуманын ичинде 11 миңден ашуун электрондук эсеп-фактураны тариздешти

Бөлүшүү:

Бир жуманын ичинде ишкерлер белгиленген тартипте электрондук кол тамганы колдонуу менен 11 миң 927 электрондук эсеп-фактураны тариздешти. Бул тууралуу МСКнын басма-сөз кызматы билдирет.

Ошол эле учурда бул мезгилде “Электрондук эсеп-фактура” маалыматтык системасына 5 миң 71 ишкер катталган.

Электрондук эсеп-фактураны колдонуу – салык жол-жоболорун фискалдаштыруунун жана “Санарип Кыргызстан”санариптик өнүгүү концепциясын ишке ашыруунун алкагында 2020-жылдын 1-июлунан тартып өлкөнүн аймагында киргизилген жаңы жол-жобо. Электрондук эсеп-фактуранын негизги артыкчылыктарынын бири ишкерлердин канцелярдык жана почта чыгымдарын азайтуу мүмкүнчүлүгү менен документ жүгүртүү ыкчамдыгын жогорулатууда, салык жол-жоболорун жөнөкөйлөтүүдө турат.

Бардык КНС төлөөчүлөр, товарларды импорттоочулар жана экспорттоочулар электрондук эсеп-фактураларды милдеттүү пайдаланууга өтүүлөрү керек. Мурда ыйгарылган эсеп-фактуралардын серияларын жана номерлерин ушул жылдын 25-августуна чейинки мөөнөттө салыктык катталган жери боюнча салык органдарынан жараксыз деп табууга болот.

Электрондук эсеп-фактураларды колдонууну баштоо үчүн www.esf.salyk.kg порталына кирип,  маалыматтык системага катталууга электрондук кол тамгасы коюлган онлайн арыз берүү зарыл. Андан кийин электрондук эсеп-фактураларды пайдаланууга болот. Салык кызматынын www.sti.gov.kg сайтындагы “Электрондук эсеп-фактура” бөлүмүндө ЭЭФ пайдалануу эрежеси, пакеттик жүктөмөлөрдүн форматы, көпчүлүк учурда берилүүчү суроолорго жооптор жайгаштырылган.

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 55 + = 61

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: