Россия Федерациясынын Рязань облусунун Шацкий районунда 2018-жылдын 1-апрель күнү саат 09:30 чамасында (Москва убактысы боюнча) Урал М5 унаа жолунун 377-чакырымында (Кучасьево айылы) “Хонда-Степ” үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу рулду башкара албай, жолдун жээгиндеги электр карагайын сүзгөн, – деп маалымдады КР ӨКМнин басма сөз кызматы.
Жол кырсыгынын кесепетинен унаанын ичиндеги 8 адам жабыркап, Шацкий райондук ооруканасына жеткирилген.
Алдын ала алынган маалыматтар боюнча жабыркагандар Кыргызстандын жарандары.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ