Menu

Фото – Курсан Асанов КР Ички иштер министринин милдетин аткаруучу жана Бишкек шаарынын коменданты болуп дайындалды

Бөлүшүү:

Ички иштер министринин мурдагы орун басары, “Бүтүн Кыргызстан” саясий партиясынан талапкер Курсан Асанов Бишкек шаарынын коменданты жана ИИМдин жетекчисинин милдетин аткаруучу болуп дайындылды. Бул тууралуу журналист Турсунбек Бейшенбеков Facebook социалдык тармагындагы баракчасына жазып чыкты.

Белгиленгендей, борбор калаада милиция кызматкерлер жок. Ала-Тоо аянтында дагы деле митинг уланууда.

Белгилей кетсек, кечээ, 5-октябрда күндүз ЖКнын депутаттарын шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгон партиялар, эл Ала-Тоо аянтына митингге чыгып, шайлоону тааныбай тургандарын, аны жокко чыгарып, кайра таза шайлоо уюштурууну талап кылышты. Кечинде митингчилер менен күч кызматкерлери кагылышып, көздөн жаш агызуучу газ, суу, кулакты тундуруучу каражаттар колдонуп митингчилерди аянттан сүрүп чыгаруу аракети болду. Бирок, буга карабастан митингчилер Ак үйдү басып алып, 7-кабатка чейин кирип барышты.

Андан кийин митингчилердин бир бөлүгү УКМКнын имаратына барып Алмазбек Атамбаевди бошотууну талап кылышып, аны чыгарышты. Элдин дагы бир бөлүгү түрмөдө жаткан экс-депутат Садыр Жапаровду чыгарышты. Дагы бирөөлөр мурдагы премьер-министр Сапар Исаков жаткан №27 колониясына барышкан. Таңкы саат 06:20да анын бошотулганы белгилүү болду. Камакта жаткан саясатчы Равшан Жээнбеков да эркиндикке чыкты. Митингчилер камакта жаткан мурдагы саясатчыларды бошотууну көздөп жатышат.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 89 − = 86

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: