Menu

Ажонун эң ишенимдүү эки жоокери

Бөлүшүү:

Тагдыр тандабайт. Кыйын жолдо, сыноодо ким менен болосуң, ал сенин өздүгүңө жазылган барак катары тарыхта калат экен. Азырынча тарыхтын алгачкы сүртүмдөрүн алдыңыздарга сунуштайын. Албетте, бул кыска сөз, бирок келечектеги кептин учугу…

Алгач Улан Исраилов ИИМ башына келгенде саясатчылар жана айрым коомчулук сын пикирлерин айтып жатып калышкан. Бирок, бара-бара мезгил ким экенин көрсөттү окшойт. Окуусун Орусиядан бүтүп келген, жаштайында ИИМдин курамында иштеп, опер кызматкери ж.б. кызматтарды аркалаган Улан мырза Бакиев доорунда атып өлтүрүүлөр күчөгөндө, кокусунан эле оппозиционер Алмазбек Атамбаевдин жансакчысы болуп барган. Өзү менен кошо тогуз бала болчу. Ошол кезде көзгө басар Болот Сүйүнбаев жүрсө, кийин Атамбаевдин тегерегинде тандалып, кыйынчылыкка туруштук бергендердин көч башында Исраилов шефтин эң жакын адамы катары сыноодон өткөнү бизге белгилүү. Акыры көч баштаган Болот менен Улан тирөөч болуп, кийинки кызматтык карьераларында дагы мамлекет үчүн ишенимдүү кадрга айланганы, бүгүнкү күнгө чейин тескери сапаттарын көргөзүшкөн жок. Мисалы, буга чейин Исраилов ИИМдин башкы жыйындарын жогорку деңгээлде өткөзүп, реформаны ийгиликтүү жүргүзүп, милициянын кызыкчылыгы үчүн системалык түрдө позициясын сактай алганы кубандырат. Баса, башта Казакстандын ички иштер министри Кыргызстандын башкы «кызыл шапкесин» баалабай, жолукпай келгени айтыла жүрчү. Ал эми жакынкы күндөрү Улан мырза менен Казакстандын министри жолугуп, Ысык-Көлдө эки тараптуу мамилелер, коопсуздук, дээрлик пайдалуу иштер боюнча келишимдерди жүзөгө ашырууга бел байлашты.

Ал эми Болот Сүйүнбаев УКМКнын орун басары катары улуттун коопсуздугу, терроризмге каршы күрөшүүсү боюнча ийгиликтерге жетишип, бирок бул жагынан эч кандай пиар иштерин жасабай, мамлекетчил кадр экенин айгинелеп келатат.

Эң башкысы, дал ушул жогорудагы эки бүркүт президент Атамбаев жана мамлекет үчүн жандарын аябай, өз тармактарындагы системаны өнүктүрүү үчүн катуу иштеп атышканы кубандырат. Буюрса, Кыргызстандагы кадырлуу генералдардын катарын толуктайсыңар, элге ак кызмат кыла бергиле!

Булак: “Азия Ньюс”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 51 + = 52

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: