Menu

Конгресс Трамптын Орусия менен байланышын иликтөөнү талап кылууда

Бөлүшүү:

АКШнын Конгресс мүчөлөрү Орусия менен президент Дональд Трамптын жардамчыларынын ортосундагы байланыштарды иликтөөнү кайрадан талап кылышууда. Ошол эле маалда бул маселеге кызыккан республикачылардын да саны көбөйүүдө.

Сенаттын юридикалык комитетинин республикачыл жана демократ лидерлери АКШнын Башкы прокурору менен ФБР башчысына кайрылып, Трамптын улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Майкл Флинндин отставкасы тууралуу документтерди берип, бирфинг өткөрүүнү өтүндү. Флинн президенттин жардамчысы кызматына кирише электе эле өлкөдөгү орус элчиси Сергей Кисляков менен сүйлөшүп, АКШнын Орусияга киргизген санкцияларын талкуулагандыгы белгилүү болгон соң кызматтан кеткен.

Акүйдү сындоого Сенаттын тышкы иштер комитетинин төрагасы Боб Коркер да кошулду. Ал Орусия көйгөйү Трамптын күн тартибиндеги тышкы жана саламаттыкты сактоо, салык саясаты өңдүү ички маселелерине коркунуч жаратып жатканын билдирди. Комитет төрагасы администрациянын туруктуу иштеринен күмөн санай турганын айтып, Флинн Конгресстин алдында көрсөтмө бериши керектигин билдирди.

Өткөн жылы президенттике талапкер болуу үчүн Трампка атаандаштык кылган сенатор Линдси Грэм Конгрессти кайрадан жаңы комиссия түзүп, эки партиялуу кеңири иликтөө жүргүзүүгө чакырды.

Сенаттын куралдуу күчтөр комитетинин төрагасы Жон Маккейн көз карандысыз иликтөө мүмкүндүгүн жокко чыгарган жок. Бирок ошол эле маалда мыйзам чыгаруучулар алгач Флинндин сүйлөшүүлөрү жана Трамптын адамдары менен орусиялык расмий адамдардын ортосундагы байланыштар тууралуу алгачкы маалыматтарды так аныктап чыгуулары керектигин белгиледи.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 8 + 2 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: