Menu

Асад Сирия боюнча Астанадагы сүйлөшүүлөргө даяр экенин билдирди

Бөлүшүү:

Сириянын президенти Башар Асад эгер оппозиция өкүлдөрү менен тынчтык сүйлөшүүлөрү ишке ашса, өз өкмөтү бардык маселелерди талкуулоого даярдыгын билдирди.

Асад мындай оюн француз журналисттери менен болгон маегинде айткан. Ал өкмөттүк делегация сүйлөшүүлөргө барууга даяр турганын белгилеген.

Орусия, Иран жана Түркия Сирия маселеси боюнча Казакстандын борбору Астанада тынчтык сүйлөшүүлөрүн өткөрүүгө макулдашышкан. Түркиянын тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу жыйын 23-январда өтүшү мүмкүндүгүн ишара кылган.

Журналисттер менен маектешүү учурунда Асад Батыш колдогон саудиялык оппозициялык күчтөр эмес “чыныгы” оппозиция менен сүйлөшүүгө даяр экенин айткан.

«Мен “чыныгы” деп саудиялык, франциялык, британиялык эмес сириялык оппозицияны айтып жатам. Сирия маселеси сирия оппозициясы менен талкууланышы керек»,-деди Асад.

Сириянын оппозициячыл топтору Астанадагы ыктымал сүйлөшүүлөр тууралуу кеп козгогону менен жыйынга катышаарын расмий билдире элек.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 83 = 93

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: