Menu

Президент Сооронбай Жээнбеков расмий визит менен Тажикстан Республикасына учуп кетти

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 1-февралда расмий визит менен Тажикстан Республикасына учуп кетти.

Эки күндүк визиттин алкагында Сооронбай Жээнбековдун Тажикстан Президенти Эмомали Рахмон менен тар жана кеңири курамдардагы жолугушуулары  болжолдонгон. Визиттин жыйынтыгы боюнча бир катар документтерге кол коюлат. Эки Мамлекет башчылары биргелешкен билдирүү кабыл алышат.

Президент Сооронбай Жээнбеков ошондой эле Тажикстан Республикасынын Премьер-министри  Кохир Расулзаде жана Тажикстан Оли Маджлисинин Төрагасы Шукурджон Зухуров менен да жолугушат.

Кыргыз Республикасынын расмий делегациясынын курамы:

– тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев;

– Кыргыз Республикасынын  Президентинин Аппаратынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Айзада Субакожоева;

– Кыргыз Республикасынын Тажикстан Республикасындагы  Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси Мирослав Ниязов;

– Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын Жетекчисинин биринчи орун басары Мухаммедкалый Абылгазиев;

– Жогорку Кеңештин депутаты, транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча Комитеттин мүчөсү Сайдолимжон Джураев;

– Жогорку Кеңештин депутаты, агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү Комитетинин төрагасынын орун басары Алмасбек Акматов;

– транспорт жана жолдор министри Жамшитбек Калилов;

– экономика министри Артем Новиков;

– айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри Нурбек Мурашев;

– саламаттык сактоо министри Талантбек Батыралиев;

– Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасы Уларбек Шаршеев;

– Өкмөткө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы Дастан Догоев;

– Өкмөткө караштуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматтын төрагасы  Замирбек Осмонов.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 12 = 18

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: