Menu

Калиевдин сатылган үйү баш оору жаратты

Бөлүшүү:

Бишкек ЖЭБин модернизациялоо боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында шектүү катары быйыл 18-апрелден бери УКМКнын убактылуу кармоочу жайында отурган «Энергохолдингдин» башчысы Айбек Калиевдин жактоочусу анын жубайынан батир сатып алган адамдын укугун коргоп Жогорку сотко кайрылат. Бул тууралуу Калиевдин адвокаты Бакытбек Жумашев маалым кылды. Анын айтымында, Бишкек шаардык соту Калиевдин жубайына катталып, кийин сатылган батирдин наркын баалаш үчүн ичине кирүүгө уруксат берген чечим чыгарды. Жумашев соттун мындай чечимине макул эмес экенин, себеби батир азыр Калиевге да, анын жакындарына да таандык эмес экенин жана аны сатып алган адамдын укугу бузулуп жатканын айтууда. Бул туурасында: «Келинчеги ал батирди акча керек болгондуктан жазында эле сатып жиберген. Андан башка үйү жок булардын. Сатып алган киши менен эч кандай туугандык же башка мамилеси жок», -деп билдирди.

Булак: «Фабула»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 89 − 80 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: