Menu

ӨКМ: “Асылбековдун айрым маалыматтык сайттарга жарыяланган макаласы чындыкка дал келбейт”

Бөлүшүү:

“ӨКМде “өзгөчө кырдаал” ичтен ирий баштады. Качан чара көрүлөт?” аталыштагы макала “Майдан.kg” гезитинин № 47 санына кечээ, 27-ноябрда жарык көргөн. Ал макала биздин сайтка да чыккан. Ага жооп катары ӨКМнин басма сөз кызматы бүгүн, 28-ноябрда биздин почтабызга маалымат жиберди. Ал төмөндө:

«КР ӨКМнин Автомобилдик бөлүмүнүн башчысы А.Асылбековдун айрым маалыматтык сайттарга жарыяланган макаласы боюнча, КР ӨКМ чындыкка дал келбестигин билдирет жана төмөнкүлөрдү маалымдайт: КР ӨК министри Н.Мирзахмедовдун кызматтык автоунаасына көрсөтүлгөн транспорттук кызматына сарпталган акча каражаттары менен аткарылган жумуштар, иш жүзүндө айырма бар экендиги боюнча маалымат болгон. Ошонун негизинде КР ӨКМнин Борбордук аппаратынын кызматтык автоунааларына оңдоп түзөө үчүн бөлүнгөн акча каражаттары даректүү сарпталганы күмөн туудурган. Ушуга байланыштуу, министр тарабынан КР ӨКМдин Автомобилдик бөлүмүнүн транспорттук кызмат көрсөтүү жана оңдоп-түзөө, тетиктерди сатып алуусу боюнча аткарган иштеринин документтери менен таанышып чыгуу үчүн кеңешчисине тапшырма берилген. Аталган документтерди кароо учурунда, министердин кызматтык автоунаасына 2019-жылы аткарылган жумуштун актысы боюнча 83200 сом акча каражаты ондоп-түзөө үчүн сарпталган болсо, ал эми ошол эле автомашинанын айдоочусунун айтуусуна караганда болгону 16900 сомдук кызмат жасалгандыгын билдирген. Андан сырткары, калган жеңил кызматтык автоунааларга дагы бөлүнүп жаткан акча-каражаттарынын көлөмү чоң болуп, туура пайдаланылып жаткандыгына шек жаралган. Жогорудагылардын негизинде, министрдин тапшырмасына ылайык, министрдин орун басары Д.Алимбеков финансылык мыйзам бузуулардын бар жоктугун аныктап чыгуу максатында аталган бөлүмдү текшерүү үчүн 2019-жылдын 6-ноябрында №1205 буйругунун негизинде ички аудит дайындалган. КР ӨКМ ички аудити тарабынан текшерүү жүрүп баштаган учурда А.Асылбеков кезектеги өргүүдө экендиги аныкталган. Бирок 2019-жылдын 31-майындагы №590 буйругунун негизинде, Автомобилдик бөлүмүнүн башчысы эмгек өргүүдө, же башка себептер менен кызмат ордунда жок учурунда анын милдетин аткаруу түздөн-түз ошол эле бөлүмдүн инженерине жүктөлөт. Ошонун негизинде ички аудит өз жумушун үзгүлтүккө учуратпай иштеп баштаган. Аудиттик текшерүү аягына чыга электигине карабай, А.Асылбеков ӨКМнин жетекчилиги тарабынан «негизсиз куугунтуктоо жүрүп жатат» деп коомчулукка туура эмес пикир жаратуу менен коргонуунун ыкмасын колдонуп баштаган. Бул учурда «мыйзамдуу текшерүүдөн коркконбу?»-, деген суроо пайда болот. Ал эми А.Асылбековдун айтуусундагы «негизсиз кампа башчысын кыскартып салды» деген сөзү чындыкка дал келбейт. Себеби министрликтин борбордук аппаратынын ыкчам нөөмөт унаалары эски болгондуктан, майда барат оңдотууларды талап кылып, алынган тетиктерди орнотуу маселеси жаралган. Авто унааларды оңдоп-түзөтүү жана алынган тетиктерди өз учурунда орнотуу үчүн үчүн “слесарь” адисине муктаждык жаралгандыгына байланыштуу аталган автомобилдик бөлүмдү түздөн-түз координациялаган КР ӨКМ Оорук башкармалыгынын сунушу негиз болгон, ошонун негизинде «кампа башчысы» штаттык категориясы «слесарь» штаттык категориясына өзгөртүлгөн. Андан сырткары, аталган бөлүмдүн айдоочуларын жумушка тандап алуу министрдин милдетине кирбейт, ушуга ылайык КР ӨКМ алдындагы автомабилдик бөлүмүнүн кызматкерлерине эч кандай куугунтуктоо болушу мумкун эмес, себеби бөлүмгө тиешелүү бардык маселелерди өзүнө бөлүнгөн тармактар боюнча министрдин орун басары көзөмөлдөйт. Белгилей кетчү нерсе: учурдагы ички аудит тарабынан жүргүзүлүп жаткан текшерүү жеке А.Асылбековго же бөлүмдүн кызматкерлерине карата жүргүзүлгөн эмес, тек гана мыйзам чегинде бөлүмдүн транспорттук кызмат көрсөтүү ишмердүүлүгүн мыйзамдуулугун текшерүү болуп саналат. Маалымат катары: Ушундай эле ички аудитордук текшеруу Автомобилдик-чарба бөлүмүнүндө 2018-жылы дагы жургузулуп, анын жыйынтыгында финансылык кемчиликтер аныкталып, КР ӨКМдин 2018-жылдын биринчи жарым жылдыгынын жыйынтыгында коллегиянын отурумунда жетекчилик тараптан кетирилген мүчүлүштүктөрдү жоюу токтому кабыл алынган. Ички аудитордук текшерүү – мыйзамсыз аракет же болбосо ӨКМнин кызматтык адамга же кызмакерлерине карата “куугунтук” эмес, “Ички аудит тууралуу” мыйзамынын чегинде аткарылуучу иш-чара. Кошумчалай кетсек, быйыл 2019-жылы ички аудит министрликтин түзүмдүк жана аймактык бөлүмдөрүндө мүмкүн болуучу коррупциялык тобокелдиктерин алдын алуу максатында текшерүүнү жүргүзүп келген, жана текшерүү уланууда, маселен ӨКМнин Суучулдар кызматы, Жарандык коргонуу адистерин даярдоо жана кайра даярдоо борбору, Бишкек ш. боюнча башкармалыгы жана башка бөлүмдөр текшерилген»,-деп жазылган ӨКМдин басма сөз кызматынын маалыматында.

Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 13 − 8 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: