Талас шаарындагы №3 мектеп-гимназиясына белгилүү мамлекеттик жана коомдук ишмер, КР улуттук коопсуздук органдарынын ардагери, полковник Дардаңов Камалбектин аты коюлду. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.
Мындай чечим 2019-жылдын 24-январында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу көрүнүктүү ишмерлердин элесин түбөлүкө калтыруу боюнча комиссиянын отурумунда кабыл алынган.
Бул иш-чарага Талас шаарынын мэриясынын жетекчилери, областык кеңеш, УКМК ардагерлери жана кызматкерлери, Камалбек Дардаңовдун туугандары жана ошондой эле коомдук ишмерлер, ак сакалдар, жергиликтүү тургундар катышты.
Камалбек Дардаңов 1948-жылдын 15-июнунда Талас облусунун Киров районуна караштуу Бакыян айылында туулган. 1966-жылы Бейшекен орто мектебин, 1971-жылы К.И. Скрябин атындагы айыл-чарба иниститутун аяктаган.
Көп жылдык үзүрлүү эмгеги үчүн СССР жана Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик сыйлыктары жана ардак грамоталары менен сыйланган.
2014-жылдын 3-майында 66 жашында дүйнөдөн кайткан. Аталган иш-чарага катышкандар Камалбек Дардаңовдун Талас шаарынын жана Талас областынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө жана ошондой эле Мамлекеттин улуттук коопсуздугунун бекемдешине жана атайын кызматтардын ишинин өркүндөшүнө олуттуу салымын кошконун эскеришти.
Талас шаарындагы Камалбек Дардаңов атындагы мектеп-гимназиясы аймактын немец тилин терең окутуу боюнча алдынкы орто мектептерден болуп саналат.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ