Menu

Каныбекти “каап” алабыз дегендердин тиштери сынды

Бөлүшүү:

Адамдагы көралбастык же болбосо буттан чалмай адат такыр калбайт окшойт. Айрыкча саясатта, бизнесте элге жакын болуп, көзгө көрүнүп, оозго алына баштаган адамды ар кандай ыплас сөздөр менен жаман көрсөтүү күнүмдүк илдет болуп калды.

Жакындан бери элге колунан келген жардамын берип, көзгө көрүнө баштаган ишкер Каныбек Туманбаевге ар кандай ушак сөздөрдү жармаштыра баштады. Мындай ушак тараткандарды Туманбаевдин элге болгон сый-урматы, жасаган эмгеги, элге күн сайын жакын болуп баратканы уктатпай жаткан болсо керек. Болбосо, Каныбек Туманбаев эч кимдин байлыгын-бийлигин тартып алган жан эмес. Мамлекеттик кызматка аралашмак турсун, бир күн да чиновник болуп иштебеген. Өзүнүн адал эмгеги менен ишкерлик кылып бутуна турган кыргыздын мыкты азаматтарынын бири. Ушундай жигитти  “Ар кимден кызматка коём деп акча алып жүрөт” деп ушактаган Кудайга да жакпаса керек. Ушакчылардын айтканы боюнча Каныбек Туманбаев өлкөдө президенттен кийинки эле таасири күч адам экен. Ошол сөздөрдү айткандардын оозуна сары май. Каныбек Туманбаевге окшоп өз киндигин өзү кескен, турмуштун өйдө-ылдыйын көргөн, өз мээнети менен эл бакканга жараган азаматтар коррупцияга белчесинен батып, мамлекеттин казынасына кол салып, элдин эсебинен небере-чебересине чейин жете турган байлык топтогондордун ордун ээлесе экен ылайым.

Каныбек жетим өсүп, бүгүнкү иштетип жаткан бизнесин өз күчү менен түптөгөнүн аксылык жердештери жакшы билет. Кыргызда “Бешиктеги баланын бек болорун ким билет?” же болбосо “Жетим жетилет” деп коёт. Каныбек да жетилип, эл керегине жарап жаткан кези. Ушул жигитке асылгандардын максаты жаңыдан президент болуп ишин баштаган Сооронбай Жээнбековго Каныбекти байлап, экөөсүн чогуу элге жек көрсөтүү болууда. Анткени, шайлоо учурунда Каныбек Туманбаев Аксы районунда штабды тейлеп, Сооронбай Жээнбековго 25 миңден ашык добуш алып берүүгө жетишкен. Ушул эле Каныбектин элге жакын болуп, колдоосуна алынып баратканынын далили. Айткан сөздөрүнө өздөрү ишенип алчулар “Каныбек Туманбаев Жээнбеков шайлоодо утуп чыкса мен силерди каалаган кызматка олтургуза алам деп очойгон суммадагы акчаларды алыптыр. Экс-депутат Анарбек Калматовдон сизди Мин. Юстка жетекчи кылам деп 100 миң доллар, Мамлекеттик архитектуранын мурунку башчысы Каныбек Нарбаевден 75 миң доллар, учурдагы Миграция жетекчисинен дагы бир топ суммадагы акча алып, Жалал-Абадды чечип берем, Аксылыктар менин айтканымды кылат, аларды мойнунан жетелеп алгам деп мактанган жайы бар экен. Сооронбай Жээнбеков мени угат” деген жөө жомокторду чыгарып, аксылыктарды бирине-бирин каршы коюшуп, аке-үкөлөрдү чырга түрткөн максаттары ишке ашпай калды. Акча берди, алды деген Каныбек Нарбаев менен Каныбек Туманбаев экөө аке-үкө болуп, чер жазыша сүйлөшүп эле жүрүшөт. Анарбек Калматов деген мурунку депутат деле шаарда турат. Эч кандай ишке барбай эле бош жүрөт.  Жок дегенде ошол адамдардан телефон аркылуу болсо да маалыматты тактап коюшса, өздөрүнө эле жакшы болмок. Каныбектин ким экенин акелери айтып бермек. Азыркы миграция жетекчиси Медет Айдаралиевде очойгон суммадагы доллар бар бекен деги? Сооронбай Жээнбеков кызматты сатты деген сөздү бир кыргыз уга элек. Каныбек акча көтөрүп кирсе эле, ушул кызматты ала бер дегидей Жээнбеков коммерсант жетекчи эмес да. Ал пейили ток адам. Туманбаев да кызмат үчүн жармашкан адам эмес. Кыйналган адамга жардам бергенге шашат. Сөз куру болуп калбашы үчүн далил келтире кетейин. Туманбаев жетим өскөндүктөн, жетимдер турмуштун соккусунан сынып калбасын деген ойду бекем карманат. Азыр 37 ата-энеси таштап кеткен жетим кыздарды өз карамагына алып, аларга атайын имарат куруп, 8 тарбиячы кыз жалдап, 5 маал ысык тамагын берип, эрезеге жеткиче көз алдымда болот деп, кеткен чыгымын өзү көтөрүп жатат. Бул ишин ал эч кимге жарыя кылып мактанган эмес. Кудайга жаккан ишти кылып жатканы үчүн Жараткан да Туманбаевге ырыскы берип жатса керек. Ушул адам бирөөлөрдөн акча алып, алдап кеткенге бармак беле?

Каныбектин элге жасаган ишин айтсаң көп сөз козгоого туура келет. Жогорку Кеңеште эл өкүлү болуп олтурган кээ бирөөлөр кайсыл бир фонд мектеп же мечит салып берген болсо, ошонун лентасын кесүүгө барса, өзү менен кошо 3-4 видео камераны кошуп алып, камерага кайра-кайра сүйлөп, куду өзүнүн чөнтөгүнөн жасап жаткан иш кылып көрсөтүп жатышпайбы. Каныбекке окшоп өз жердештерине чын дили менен жардам берген адамдар саналуу эле. Туманбаевдин Аксы районуна көрсөткөн жардамынын жарым-жартылайын тизмектей кетейин. Ак-Жол айыл өкмөтүнө бир трактор шаймандары менен алып берсе, айыл өкмөткө 300 миң сом жардам көрсөтүп, ФАП үчүн 140 миң сом акча берген. Жаңы-Жол айыл өкмөтүндө спорт залдын дубалы тургузулуп жатса, 160 орундуу бала бакчанын үстү жабылууда. Кара-Жыгач айыл өкмөтүндө спорт зал бүтүп, ишке берилген, 250 миң сомду таза сууга, 65 миң сомду айыл өкмөттүн имараты үчүн бериптир. Сыны айылына таза суу үчүн 140 миң сом жардам берген. Кара-Суу айыл өкмөтүндө таза суу үчүн эле 1 млн 250 миң сом жардам кылса, мечит салып берип, 4 км жолду асфальттап берген. Кызыл-Туу айыл өкмөтүндө спорт зал менен мечит салып, ишке киргизди. Авлетим айыл өкмөтүндө токой чарбасына 250 миң сом, ооруканага 150 миң сом, таза сууга 150 миң сом бөлсө, заманбап спорт залдын курулушу үчүн 12 млн сом акча сарптамай болууда. Мукур айылындагы көпүрөнүн курулушуна 165 миң сом, таза суусуна 650 миң сомду өзү эле чечип койгон. Кербенде болсо 160 орундуу бала бакчаны ишке киргизип койду. Кашка-Суу айыл өкмөтүндө спорт зал куруп, Чарбак айылына футбол аянтчасы үчүн  150 миң сом, бакыт үйүнө 250 миң сом жардамын аябаган. Үч-Коргон айылында мечит-медресеге 200 миң сом берсе, элге бир трактор алып берген. Бул тизме мен билгендери гана. Канча адамга жардам көрсөткөнүн Туманбаев өзү деле тактай албаса керек. Каныбек кыргыз элине кызмат кылчу кезге эми жетип турат. Туманбаевге кара көө сүйкөгөнгө аракет кылган адамдардын чыныгы жүзү жакында ачыкка чыгат. Бирөөнү жок жерден жаманатты кылганга ашыккандар, сөздөрү үчүн жооп бериши керек да…

  Наралы Асанбаев

Булак: “Жаңы Ордо”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 29 + = 36

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: