Menu

Өмүрбек Текебаевдин чыккынчылыгын урпактар да унутпайт

Бөлүшүү:

Кечээ Өмүрбек Текебаев Жогорку Кеңеште жакшы сөз сүйлөдү. “Биринчи тоокпу же тукумбу?” деген табышмак бар деди. Бул табышмакты Конституция маселеси талкууланып жатканда мисал кылды. Текебаевдин табышмагын “Биринчи Атамбаевби же Текебаевби?” деп эле кабыл алууга туура келди. Себеби, Конституцияны кимиси биринчи болуп өзгөрткүсү келген? Атамбаев эмес, Текебаев Чыныбай Турсунбеков менен Феликс Куловду кошуп алып азыркы талашты баштап чыккан. Бүгүн болсо өзгөрткөнгө каршы болгон топтун номур биринчи адамы болуп чыга келди. Анткени, Атамбаев Текебаевсиз эле Баш мыйзам жазылышын каалап жатпайбы. Идеянын автору болгон Өмүрбек Чиркешович оозундагысын тарттырып жибергенден кийин “Сениби шашпа!” деген мультфильмдеги карышкырга айланды.

“Кээ бир жолдоштор добуш берип коалицияга кирип калабыз деп турат. Баарыңар кирбейсиңер! Эртең ким “лох” болгонун көрөбүз” деген Өмүрбек Текебаев эбак эле өзү “лох” болгонун ачыктап алды. Президенттин күчтүү болушуна жол ачып берген Текебаев. Конституцияда жок укуктарды президентке мыйзам менен өткөрүп берген Текебаев. Кайсыл саясатчы жакпаган болсо аны алып түшкөн (сүзөнөөк текедей болуп сүзгөн) Текебаев. Кыскасы баардык ишти бүтүргөн Текебаев. Азыр эч кандай пайдасы жок “лох” болуп олтурат.

“Заноза” деген сайтка Өмүрбек Текебаев азыркы Конституция тууралуу кенен маек бериптир. Ал баардыгын кыйратып жатам деп ойлогону менен өзүнүн чыныгы жүзүн ачыптыр.

“2010-жылы 18-майда эрте менен мен Убактылуу өкмөт мүчөлөрүнө жаңы Конституция жазылып бүткөнүн жарыялап, талкууну баштоону сунуш кылдым. Ошол учурдун драматизмин силерге айтып берейин. Бирок, Убактылуу өкмөт мүчөлөрүнүн көпчүлүгү каршы чыкты. “Балким жөн эле койбойлубу, жаңы Конституцияны кабыл албай эле койбойлубу, эскиси менен эле жашай бербейлиби” дегендер болду. Убактылуу өкмөттүн бир нече мүчөсү “азыр иштеп жаткан (2007-жылдагы) Конституция деле жакшы” деп чыгышты. Бекназаровдун болсо өзүнүн варианты бар болчу, ал иштеп жаткан 2007-жылдын Конституциясын жокко чыгарып, 1993-жылдын Конституциясына кайтып келүү боюнча Декрет даярдап алыптыр, ошону сунуш кылды. Биз, жаңы Конституция кабыл алыныш керек дегендер азчылыкты түзүп калдык. Мен, Дүйшөн Чотонов жана Болот Шер үчөөбүз эле. “Ата-Мекен” партиясынын үч мүчөсү гана. Иса Өмүркулов олку-солку болуп туруп калды. Роза Отунбаева эки жакка тең тартпастан ортодо турду. Аябай драматизмге жык толгон абал түзүлдү. Анан биз аппараттын кызматкерлерин жана журналисттерди сыртка чыгууну сурандык. Алар чыккандан кийин да биз көпкө талашып-тартыша бердик. Анан мен бир компромисс сунуш кылдым, мен ушул жерден бардык сырларды ачык айта албайм, анткени ал жерде катышкандардын айрымдары азыр да мамлекеттик кызматтарда иштеп жатышат. Бир гана нерсени айтайын, ошол учурда мен Темир Сариев менен Алмаз Атамбаевге айттым “Силер бай кишилерсиңер, завод, фабрикаларыңар бар, чоң-чоң, 100 гектарлаган жер участокторуңар бар. Эгер азыр Азимбек Бекназаровдун вариантын кабыл алып, 1993-жылдагы Конституцияга кайрылып келсек эмне болот? Анда жерге болгон жеке менчик жокко чыгарылат. Баардык менчиктер кайрадан жалпы элдики болуп калат. Байлыктардын баарын кайра бөлүштүрүшүбүз керек болот. 1993-жылы элдин баары менчиктештирүүнү, жерге болгон менчиктин баасын түшүнө бербеген. Ал эми азыр баары түшүнүп калышты. Эгер кайра бөлүштүрүү боло турган болсо биз акылдуу болуп калдык, ар бир адам өзүнүн энчисин алып калганга аракет кылат. Жарандык согуш болот, силердин завод-фабрикаларыңар, гектарлаган жерлериңер кайра тартып алынып, элге бөлүнүп берилет” дедим. Унчукпай ойлонуп калышты, анан гана алар менин аргументтериме макул болушту. Анан Убактылуу өкмөт мүчөлөрүнүн ар бири менен бир-бирден сүйлөшүп, ушундай өз-өзүнө ылайыктуу аргументтер менен жаңы Конституцияга көндүрүп чыктым. 18-майдын таңында башталган талкуу күнү-түнү жүрүп, 19-майдын таңында бүттү. Убактылуу өкмөт мүчөлөрүнүн баары макул болушту. Азыр баардык сырларды ачпайм, бирок ар бир Убактылуу өкмөт мүчөсү менин аргументтеримен өзүнүн саясый келечегине үмүт алышты…” дейт.

Текебаев азыркы Баш мыйзамды кабыл алып жатканда жеке өзүнүн кызыкчылыгы жогору турганын ушундан эле баамдаса болот. Эгер кыргыз эли, кыргыз мамлекети деп күйгөн адам болсо, артында калдырактаган калбыры жок болгондо Атамбаев менен Сариевге завод-фабрикаларыңар, гектарлаган жерлериңер кайра мамлекетке өтөт деп коркутпастан, мыйзамсыз кеткен мүлктүн баарын мамлекетке кайра албайт беле? Убактылуу Өкмөттүн ар бир мүчөсүнө өз-өзүнчө ар кандай аргументтерди айтып коркутпайт болчу да. Текебаев 1993-жылы кабыл алынган Конституцияга кайта кайрылып келсек, элдин чыккынчысы катары өз энчисин алгандан коркот.

Текебаев айткандарына 1993-жылы кабыл алынган Конституция үчүн күрөшүп келген легендарлуу парламенттин депутаты Бегиш Аматовдун маеги так жооп боло алат.

– 1993-жылы Конституция кабыл алынганда Текебаев депутат болгон. 2010-жылы Конституцияны жазуу толугу менен ошонун колуна тийди. Ошол кезде эле баштапкы абалга кайтканга мүмкүнчүлүгү бар болчу да?

— Токтойтур үка, 93-жылдагы Конституцияны Акаев, Текебаевдер жоюп жатат. Булар Жогорку Кеңеш 35–70 депутаттан турат дешкен. Алардын долбоору боюнча 35 депутат мыйзам чыгаруу жыйынында, 70 депутат эл өкүлдөр жыйынында болуп, эки палаталуу парламентти каалашкан. Биз бир мандаттуу округдан шайланган, 105 депутаттан турган, бир палаталуу Жогорку Кеңеш болсо дегенбиз. Текебаев бул жагына, тигил жагына жүгүрүп жүрө берет. 49 беренени өзгөртүп, мыйзамдуу Конституцияны “Оомийин” кылгандар Акаев менен Текебаевдер. Бир гана Акаев же Текебаев эмес, Конституцияны “өлтүргөн” 157 адамдын баары өлгөнү өлгөндөй, тириги тирүүдөй жооп бериш керек.

— Конституцияны өзгөртпөш керек деп ызы-чуу түшүп жаткан Текебаев деле биринчи кабыл алынган Конституцияны “өлтүрүп”, мамлекетке чыккынчылык салымын кошкон турбайбы?

— Салымын кошкон. Конституцияны бузуу өлкөдөгү эң оор кылмыш делип эсептелинет. Конституциялык кеңешмеге мүчө болгон 157 адамдын баарысы тең эң оор жаза алышы шарт болчу. Болбосо азыр бир жарым млн кыргыз башка жакта кантип тентип жүрсө, булар дагы бала-чакасы менен ошондой тентиши керек. Же болбосо чоңдордун баарын келтектеп, кандай кылмыш кылганын элге көрсөтсө жакшы болмок. 93-жылдагы Конституцияга кайтсак, 95-жылдан тартып, бүгүнкү күнгө чейинки баардык президенттер, депуттардын баардыгы, бүткүл Өкмөт мыйзамсыз болуп, жокко чыгат. Алардын менчиктештирилген мүлктөрү кайра башынан каралат. Ушуну мыйзамды сыйлоо деп айтат, үка. Мыйзамды сыйлабагандар өз өлкөсүнө эң оор кылмыш кылган адамдар. Эми бул азыр да улантылып жатат.

Мына Текебаевдин мамлекетке чыккынчылык салымын кошкону.

Бегиш Аматов “Текебаев бул жагына, тигил жагына жүгүрүп жүрө берет” деп таамай баа берип койгон. Чиркешович оппозияция менен чогуу чай ичип жүрүп, учуру келгенде тигил жакка тийе качканды мыкты өздөштүргөн. Бул кишиде жигиттик позиция жок экенин 2002-жылы өзү көрсөтүп койгон.

2002-жылы Аксы районунан депутат болуп шайланган Азимбек Бекназаров ошол жердеги өзбектерге өтүп кеткен жерлер тууралуу маселе көтөрүп жүрүп, бийликтин Үзөңгү-Куушту Кытайга өткөрүп берип жатканын ачыкка чыгарат. Бул кылыгы үчүн ал Акаевдик бийлик тарабынан камакка алынган. Аксы окуясынын башталышы ушул. Бул темага Текебаевдин кандай тийешеси бар?-дегендер чыгуусу мүмкүн. Текебаевдин жигитчиликке тура албай турганын ушул окуя даана ачып берет. Бекназаров камакка алынып, аны үй камагына чыгаруусун талап кылган жердештери, шайлоочулары нааразычылык акциясын уюштуруп, 17-март күнү райондун борбору Кербенди көздөй жөө жүрүш менен келе жатканда, Боспиекке келгенде (менин айылым) бийликтин куралдуу күчү жолдон тосуп чыгып, элге ок атып 4 бала ошол жерден окко учуп (ошол жерде окко учкан Советбек Тагаев менин бир тууган агам), ондогондор жарадар болгон. 18-март күнү Кербенде дагы бир бала октон чын дүйнөгө кеткен. Бир жаран токмоктон каза болот.

Эсимде, Өмүрбек Текебаев агамдын сөөгүн жерге берген күнү үйгө барып, элдин алдында жалындуу сөздөрүн сүйлөп, балдардын арбагы ыраазы болуш үчүн бул маселенин аягына чыгабыз, Үзөңгү-Кууш үчүн бийлик менен аягына чейин күрөшөм деп айткан. Текебаевдин бул айтканы “лохтун” сөзү экени кийин билинбедиби. Балдардын арбагынан деле корккон жок. Бийлик менен күрөшөм, Үзөңгү-Кууш үчүн тикемен-тик турам деген Текебаев Акаевдик бийликтин алдына жатып берди. Менин айтканымды Текебаевди каралоо дегендер чыгышы турган иш. Ошондуктан Текебаев менен чогуу жүргөн Азимбек Бекназаровдун 2010-жылы чыккан “Аксы ыйы-улут кайгысы” деген китебинен үзүндү келтирейин.

“Биздин эсеп боюнча МЧЖ (Жогорку Кеңештин мыйзам чыгаруу жыйыны) да бардыгы болуп 59 депутат бар (Ысык-Көл округунун депутаты Керимбековдун мандаты алынган болчу). А. Сабиров Америкада командировкада, Т. Боромбаева ооруканада эле. Биз, “Кыргызстан” депутаттык тобу А. Абдимомунов, Б. Асанов, А. Бекназаров, И. Исаков, И. Кадырбеков, А. Мадумаров, А. Малиев, А. Проненко бардыгы 8 депутат. Коммунисттер фракциясы А. Масалиев, Б. Акунов, Н. Байло, О. Дүйшеев, Б. Бекбоев, А. Карпасов бардыгы 5 депутат. Мындан сырткары бизди колдогон депутаттар Д. Садырбаев, Э. Булекбаев, Т. Бакир уулу, Ө. Текебаев, Д. Чотонов. Ошондо катуу убада беришип кворум түзбөй, жыйынга кирбейбиз деген 18 депутат болду”

Текебаев Үзөңгү-Кууштун Кытайга өтүшүнө каршы чыккан депутаттардын арасында болуп, кворум түзбөйбүз деп жигитчилик убада берип жатат.

“Биздин депутаттык топ Үзөңгү-Куушту берсек урпактар бизди кечирбейт — деп катуу турдук. Бизден Б. Асанов, А. Проненко, И. Кадырбеков, А. Абдимомунов, Ө. Текебаев, Б. Акунов, А. Масалиев, А. Мадумаров, И. Исаков, мен кайра-кайра сүйлөдүк. Бирок алар көпчүлүктү түзүп, тез эле добуш берүүнү талап кыла баштаганда мурда сүйлөшкөндөй мен сөзгө чыктым”.

Текебаев Үзөңгү-Куушту берсек урпактар кечирбейт дегендердин арасында. Тамаша добуш берүүгө келгенде башталып жатпайбы. Урпактар кечирбейт, арбак ыраазы болбойт деген Өмүрбек Текебаев Үзөңгү-Кууштун кетишине чоң салым кошот.

“Аргабыз кеткенде И. Исаков сүйлөгөндөн кийин, 17 депутат мурда макулдашкандай, кворум түзбөө үчүн залдан демонстративно чыгып кеттик да, үчүнчү кабатта И. Исаковдун кабинетинде байкап олтурдук. Катышкан жокпуз.

Залда кворум жок экенин улам-улам эскертип туруш үчүн журналисттер олтурчу балконго Б. Асановду, Д. Чотоновду калтырдык. Жыйын үзгүлтүккө учурап, танапис жарыяланды.

Саат болжол менен 15:30да Т. Боромбаева менен Ө. Текебаевди кошкондо залда 41 депутат болуп кворум түзүлдү да, добуш берүү башталды.

Ошентип 36 депутат “макул” добуш берип, кыргыздар Үзөңгү-Кууштан түбөлүк айрылды”

Кворум түзбөй деп убада берип, башкалар менен чогуу жыйынды таштап чыгып кеткен Өмүрбек Текебаев кайрадан жыйынга катышып, кворумду түзүп берип, Акаевдин алкышына калган. Ушул эле чыныгы “лох” ким экенин далилдейт. Мындай адамды суукуйду, бир жерге самыны жок кирип кетчү жан деп коёт кыргызда.

Кечээ да Конституция маселеси каралып жатканда “Баарыңар кирбейсиңер! Кимдин “лох” экенин көрөбүз” деген номур биринчи “атамекенчи” добуш берүүгө келгенде “макул” добуш берип, андан кийин “Мен адашып кетипмин, кайрадан добушка коюңуз” деп чыкты. Жаңы келген депутаттар кайсыл мыйзамга добуш берип жатканын аңдай албай “макул” деп кнопка басышы мүмкүн. Кыргызстан эгемендүү мамлекет болгондон бери депутаттык креслодо олтурган Текебаев адашып кетиши мүмкүн эмес болчу. Анын “макул” деп добуш бергени, Үзөңгү-Кууш каралып жатканда кворум түзбөйм дегенге макул болуп, оппозициянын баарын жыйындан чыгарып, кайра өзү кворум түзүп, “каршы” добуш бергениндей эле болуп жатат. Текебаев Акаевдин учурунда “лох” болгон болсо, Атамбаевдин тушунда дагы “лох” бойдон калат.

Наралы Асанбаев

Булак: Жаңы Ордо 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 3 = 3

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: