Menu

ИИМдин орун басары Данияр Абдыкаровдун жоруктары

Бөлүшүү:

Учурда министрдин орун басары болуп турган Данияр Абдыкаровдун артынан көп сөз ээрчип жүрөт. Алардын баштагыларын коюп акыркысына токтололу.

Үстүбүздөгү жылдын 16-январында жүк ташыган учак эл жашаган Дача-СУ аймагына кулап, ондогон адамдар каза болду. Өкмөт мүчөлөрү толугу менен кайгы болгон болгон жерде кырсыктын кесепеттерин тезинен жоюу аракеттерин көрүп жатса, Д.Абдыкаров ошол эле күнү саат 10до үй-бүлөсү менен Индонезиянын Бали деген аралына учуп кеткен. Д.Абдыкаров калк мертинген кандуу окуяны угуп-билип туруп, сатып алган авиабилетин күйүп кетет деп шылтоо менен эс алууга кете берген. Тынч уйкуда жаткан 38 мекендештин өлүмү, дагы бир канчалаган инсандардын кансырап жатканы Абдыкаровдун тоң жүрөгүнө жеткен эмес. Кол алдындагы коллегаларынын кан кечип, өрт кечип жүргөнүн уруп да койбогон мындай адамдын милициядагы жогорку кызматты ээлеп турууга моралдык укугу барбы?

Ал эми Абдыкаровдун кайсыл акчага тайраңдап эс алып жатканы да шектенүү жаратат. Себеби, милицияда иштеп тапкан айлыгы кыш чилдеде күнөстүү аралды аралап аялын жетелеп, бала-чакасын ээрчитип эс алганга жетпеси бышык го…

Угушубузга караганда, ал 2003-2004-жылдары “Бител” компаниясында иштеп турганда өтө көп суммадагы акчаларды чыгарып кеткен. Кезегинде “Азия Ньюс” гезитинин журналисти андан: “Сиз “Бителде” иштеп турганда 15 миллион АКШ долларын чыгарып кеткениңиз чынбы? А сизди “черныйлар” токмоктогонучу?..” деген суроого жооп бералбай мукактанганы эле эмнени каңкуулайт? Эми бүгүнкү кызмат абалынан пайдаланып, Индонезиянын Бале аралындагы офшордук банктарда арам акчаларын адалдап жүргөн жок деп ким кепилдик бере алат!?

Д.Абдыкаров 2010-жылдагы Апрель окуясында Таласта областтык милициянын жетекчисинин орун басары болуп турган. 6-апрель күнү Ак үй аркылуу министри И.Конгантиевди чакыртып алып, кийин көпчүлүккө салып берип качып кеткендигин, жаалданган элден коркуп качып баратып жанындагы жолдошун (милиция кызматкерин) буттан чалып жыгытып, көпчүлүк ага алаксып калганда өзү качып кутулуп кеткенин уламыш кылып айтып жүргөнүн уккандар гезиттерге жазып жатышат. 2010-жылы министрин сатып кеткен “замнач”, 2017-жылы деле министрин сатып кетиши толук ыктымал да!  Апрель окуясынан кийин 2 жыл Дубайда баш калкалап көнгөн неме мында деле эптеп кутулуп кетүүсү мүмкүн. Бирок, турмушта дайыма эле ойлогондой боло бербесин биле жүргөнү оң го!

Жакында ИИМДе коллегия өтөөрү айтылып жатат. Мында Д.Абдыкаров айланасында болуп жаткан коомдук тескери пикирлерге баа берилеби?! Мамлекеттик казынадан айлык алган, коомдук тартипти сактоого милдеттүү болгон органдагы башаламандыктар качан токтойт? Элден жыйналган салыктан Абдыкаровго окшогон атка минерлерди кармап туруунун зарылчылыгын Өкмөт аке ойлонсо болмок…

Кадыр Момоев

Булак: “Жаңы ордо”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 27 = 30

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: