Кыргызстандагы эң популярдуу автоунаа маркасы аталды. Бул тууралуу Мамлекеттик каттоо кызматынын басма сөз кызматы билдирет.
“Унаа” мамлекеттик мекемесинин маалыматы боюнча, 2020-жылдын декабрь айына карата Кыргызстанда 1 412 206 автоунаа жана алардын 1705 маркасы катталган.
Маалыматтар боюнча, өлкөдө Германиянын “Мерседес-Бенц” унаасы көп. 138 262 “Мерседес-Бенц” унаасы мамлекеттик каттоо кызматынын ведомстволук мекемесинде документтештирилген.
Экинчи орунду 136 539 катталган автоунаасы менен советтик жана орусиялык “АвтоВАЗ” автоунаа чыгаруучу компаниясы ээлейт.
Үчүнчү орунду 1992-жылдан бери Өзбекстанда чыгарылып келе жаткан Түштүк Кореянын “Daewoo” унаалары ээлейт. Республикада аталган унаалардын 133 594 даанасы катталган. Япониянын “Тойота” жана “Хонда” автоунаалары рейтингде 4-жана 5-орундарды ээлешти, алардын 124 847 жана 117 021 Кыргызстанда бар.
5-орундан 10-орунга чейин Корея, Германия, Россия, Япониянын автоунаа бренддери дагы ээ болушту.
Кыргызстандагы эң популярдуу он автоунаа:
1. Мерседес – 138 262,
2. ВАЗ – 136 539,
3. Daewoo – 133 594,
4. Тойота – 124 847,
5. Хонда – 117 021,
6. Хёндэ – 82 474,
7. Фольксваген – 81 893,
8. Ауди – 66 068,
9. ГАЗ – 38 952,
10. Ниссан – 34 295.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ