Menu

Жалал-Абадда жаштарды үй-бүлө курууга даярдаган 3 айлык акысыз курс ачылды

Бөлүшүү:

Жалал-Абадда “Мен жаш үй-бүлө” аттуу 3 айлык акысыз курс башталды. Бул тууралуу Жалал-Абад шаарынын мэриясынын басма сөз кызматы бүгүн, 17-январь күнү билдирди.

Алардын айтымында, Жалал-Абад шаардык жаштар комитети жана “Ыйык Ата Журт” коомдук фонду тарабынан жаштардын үй-бүлө курууга болгон даярдыгын арттыруу максатында 3 айлык акысыз курс башталган. Окуу курсуна кызыккандардын саны артып, биринчи эле күнү жаштар күтүлгөндөн да көп катышты.

Мында катышуучулардын жаш курагына чектөө жок жана балдар, кыздар өзүнчө окутулат. Мында үй-бүлө күтүү жана аны пландаштыруу боюнча адистер тарабынан жаштарга теориялык жана практикалык сабактар өтүлөт. Үч айлык курстун алкагында кол өнөрчүлүк, ашкана сырларын жана башка жашоого керектүү болгон пайдалуу өнөрлөрдү үйрөнө алышат.

Уюштуруучулардын айтымында, жаштардын жетиштүү деңгээлде билим тажрыйбаларынын жоктугунан акыркы убакыттарда үй-бүлөлөрдөгү зордук-зомбулуктар көбөйүүдө. Окуу курсун уюштуруунун максаты келечекте коомдогу бекем үй-бүлөлөрдү түптөлүшүнө салым кошуу.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 3 = 11

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: