Menu

Кожобек Рыспаев “вышматты” жалаң “5” менен окуганбы?

Бөлүшүү:

Жогорку Кеңештин депутаты, депутаты эле эмес бакандай жер казынасы боюнча комитеттин жетекчиси Кожобек Рыспаевдин дарегине акыркы убактарда бир топ ачуу сындар айтылып келе жатат. Соода-сатык менен шугулданып жүргөн Кожокенин саясаттагы жолу 2010-жылы башталган. Тактап айтканда 2010-жылы өткөн парламенттик шайлоодо «Ар-Намыс» саясий партиясынын тизмеси менен ЖКнын босогосун аттап багы ачылган. Ал эми 2015-жылы «Ар-Намыс» партиясынын өтпөй турганын алдын ала сезген Кожоке, Феликс Куловду «кидайтетип» туруп, эптеп эбин таап СДПКнын «коюнуна» кире качкан. Айтор акыркы 10 жылдан бери май-көл, сүт-көлдүн үстүндө келе жатат. Өң-тааныш, санаалаштарын кызматка койгон жагынан уста. Керек болсо ТЭЦтин башкы кароолчусуна (СБнын начальнигине) чейин өз адамдарын койгону айтылып келет. 2-3 ай мурун кол алдында иштеп жүргөн Мурадил Жумадилде уулун «Кыргызалтын» ишканасына жетекчиге орун басар кылган. Ага алымсынбай жетекчи кылуу амалы менен «Кыргызалтын» ишканасынын жетекчиси Алмаз Алимбековго асылып, анын ишинен кынтык издеп келе жатат. Эки жума мурун Алимбековду өзү жетектеген комитетке чакырып күпүлдөдү. Кудум кыргызга күйүп аткан кишинин ролун ойноду. Бир көргөн киши эл үчүн иштеген Рыспаев эле турбайбы деп көзүнө жаш алышы мүмкүн, эй! Атүпкүлүгүндө Алмаз Алимбековду аңтара сүзүп, анын ордуна «желдети» Жумадилдени алып келүү аракети жатканын көбү байкаган жок. Ошол жыйындын бир сөзүнө токтолсок. «Кыргызалтындын» жетекчисине опурулган Кожоке: «Макмалды кайтарып олтурган сексенби, же алтымышпы?» десе берки 70 деп жооп берди. Сөзүн улаган Рыспаев: «50 плюс 70 барабар 130. Ошондо 130 киши кайтарып олтурабы Макмалды?» деди. Мына ачылыш, мына биз ишенген эл өкүлү! 70ке 50нү кошо албаган Кожоке айлыгын так санап алып жатты бекен? Рыспаевди 5-класстын математикасын кайра бир окутуп койбойлубу!

Камчы Кадыров

Булак: «Мантыш»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 71 − 69 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: