– Ыңгайсыз абалдан чыгуу максатында калп айткан күндөрүңүз болду беле?
– Ооба мындай учур менде болгон. Бир жолу концерт берип Араларга барганбыз. Концерттин жарыясын илип, кимдер катыша турганын да жазып койгон болчубуз. Убакыт келип концертти баштадык. Тизмедеги ырчыбыздын бирөө жок. Эл аны күтүп жатат. Белгилүү ырчы болчу да. Концерт аяктап бара жатканда эл ал ырчыны сурап баштады. Айла жок ага чалдык. Чалсак эч камаарабай: “Бир тууганы каза болуптур деп койгула” – десе таң калып, тирүү бир тууганын өлтүрүп салбай, элге чындыкты айттык. Бирок тиги ырчыга сен айткандай айттык деп койдук. Кийин бир айдан кийин бир тууган агасы каза болуп калды. Угуп аябай таң калдым. Пенденин оозунда болсо Кудайдын кулагында дейт эмеспи, калпты да абайлап айтыш керек экен.
Булак: Фабула
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ