Menu

 “Мамлекеттик тил – жалпы улуттук кенч” видеоролигин тартуу үчүн сценарийлерге сынак жарыяланды

Бөлүшүү:

Кыргыз элинин улуттук дөөлөт уюган тили мамлекеттин эң негизги энбелгиси экенин, тил болсо улут, улут болсо мамлекет болорун, мекенчилдик тилди сүйүүдөн башталарын, мамлекеттик тил – этностордун башын бириктирүүчү негизги фактор экенин жалпы жарандарыбыздын, анын ичинде мамлекеттик, муниципалдык кызматчылардын, жогорку окуу жайларынын студенттери менен мектеп окуучуларынын арасында жигердүү жайылтуу, жаштардын жана жалпы жарандарыбыздын мекенчилдик сезимдерин ойготуу максатында  “Мамлекеттик тил – жалпы улуттук кенч” видеоролигин тартуу үчүн сценарийлерге сынак жарыяланды.

“Ыйман, адеп жана маданият” жылына байланыштыруу менен тилибиздин адеп, ыйман, маданиятка тарбиялоонун негизги каражаты экенин ырастаган, аны менен бирге автордун дүйнө таанымына, кыял чабытына жараша кызыктуу сценарий-сметасы менен 2017- -жылдын 30-июнуна чейин КР Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын уюштуруу тобуна жиберилүүсү керек.

Видеороликке идея (сценарий) берүүчүлөргө төмөнкүдөй талаптар коюлат:

  • Айтыла турган ой, сунушта жалпы жарандарыбыз тилдин кудурет-күчүнө, анын улуттук маанисине таасирленип, тил үчүн ар бири жоопкер экени сезилиши керек.
  • Эл-жерге кызмат кылуунун жогорку үлгүсү бул тилдин тазалыгы үчүн күрөшүү менен мазмуну терең болушу шартка ылайык келет.

Бардык келген видеоролик идеяларынын мыкты жетөө тандалып, биринчи орунга ээ болгон сценарийдин автору 2017-жылдын эң мыкты “Үлгү тил” номинациясына ээ болот жана сыйлык берилет. Калган катышуучуларга калыстар тобунун чечими менен алган орундарына ылайык сыйлыктар салтанаттуу түрдө тапшырылат.

Видеосынактын сценарийинин жеңүүчүлөрүнүн роликтери тартылып телеканалдарга мамлекеттик тилди өнүктүрүү, жайылтуу максатында сунушталат.

Сынак тууралуу толук маалыматты www.mamtil.kg сайтынан алууга болот.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 13 − 6 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: