Menu

Шадиевди туурагысы келип, шерменде болду…

Бөлүшүү:

Бишкек мэриясына таандык батирлерди алдамчылык жолу менен сатып жибергени кабарланган муниципалдык мүлктү башкаруу башкармалыгынын мурдагы кызматкери кармалды. Бул тууралуу Бишкек милициясынын басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка карагаңда, Баткен облусунда жашырынып жүргөн шектүү Тажикстан чек арасы аркылуу өлкөдөн чыгып, Түркияга кетүүгқ камынып жаткан. 7-сентябрда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) менен милиция кызматкерлери аны Лейлектен, чек арадан өтүүгө аракет жасаган учурунда колго түшүргөн.

Шектүү Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Тергөөчүлөр ал жасады деген кылмышта башка кишилердин катыштыгы бар-жогун дагы териштирүүгө киришти.

Буга чейин Бишкек мэриясы өзүнө караштуу муниципалдык мүлктү башкаруу башкармалыгынын кызматкери Эрик Ашыралиев документтерди жасалма түрдө оңдоп, Москва көчөсүндө жайгашкан сегиз батирди сатып жибергенин билдирген. Сөз болуп жаткан батирлер Бишкектин мурдагы мэри Нариман Түлеевге таандык болгон. Ал “шаарды башкарып турган кезде Кытайдан автобустарды жана таштанды тазалоочу машинелерди сатып келгенде кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып, мамлекетке акчалай зыян келтирген” деп соттолгон.

Сыягы, Ашыралиев деген эргул айтылуу Аскарбек Шадиевдин жолун жолдоп, Лейлек району аркылуу Тажикстанга, андан ары Түркияга кетип калам десе керек. Бирок анын бул “операциясы” ишке ашкан жок.

Булак: «Майдан»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 56 = 61

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: