Россия Кытайдын ички иштерине кийлигишпейт.
Бул тууралуу кечээ, 4-февралда Бишкекте Кыргыз-россиялык славян университетинин студенттери жана окутуучулар жамааты менен жолугушууда Россия Федерациясынын тышкы иштер министри Сергей Лавров билдирди.
“Кытайдын Синьцзянь уйгур автономиялуу районунда болуп жаткан окуялар боюнча кандай ойдосуз?” деген суроо берилгенде, министр ал тууралуу эч нерсе билбей тургандыгын, жакында гана АКШ ошондой маанидеги маселелерди активдүү көтөрө баштаганын кай бир жерден окуп калганын айтты.
Анан: “Биз башка мамлекеттердин иштерине кийлигишпейбиз. Анын үстүнө акыркы жылдары Кытай менен мамилебиз кыйла жакшырып, ортодо бири-бирибизди урматтоо нугундагы диалог жүрүүдө,” деп кошумчалаган С.Лавров, Кытайдын СУАРында экстремизм маселеси да курч экендигин эскерте кетти.
Булак: Kyrgyz Today
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ