Menu

Сот Осмонбек Артыкбаевден сурак ала баштады

Бөлүшүү:

Бишкек ЖЭБи боюнча кылмыш иш Бишкек Свердлов райондук сотунда уланууда. Сотто Инара Гилязетдинова төрагалык кылууда.

Азыркы тапта айыпталуучу Осмонбек Артыкбаев сурак берип жатат. Мурдагы энергетика министри 2013-жылдын 22-майында бул кызматка дайындалып, бирок жумушка 270майда чыкканын айтты.

“Мага бул кызматты премьер-миннистр Жантөрө Сатыбалдиев сунуш кылган. Ал менин талапкерлигимди энергетиктер сунуш кылышканын айтты. Дагы бир талапкер болгон экен, бирок өкмөт башчы аны колдобой коюптур”, – деди О.Артыкбаев.

Анын айтымында 2013-жылы 24-майда мурдагы президент А.Атамбаев  Энергетика министрлиги менен “Электр станцияларына” кат жүзүндө ьапшырма бериптир, катка мамлекет башчысынын аппаратынын кызматтык каты да тиркелиптир.

“Президент аппаратынын катында 2013-жылы 13 майда аппараттын эл аралык бөлүмү Кытайдын соода өкүлдөрү менен жрлугушуп, Бишкек ЖЭБине подрядчик катары ТВЕА компаниясын тартуу  керектиги жөнүндө сүйлөшүлгөнү айтылган, ошондон улам Атамбаевден Энергетика министрлиги менен “Электр станцияларына” тапшырма берип, долбоордун баасын төмөндөтүү маселесин ойлонуштуруу керектиги айтылган”, – дейт Осмонбек Артыкбаев.

Министрлик менен ведомстволор президент Алмазбек Атамбаевдин тапшырмасын гана аткарышканын, ал дайындалганча эле подрядчик катары компания аныкталганын кошумчалады.

“Мындан тышкары, келишимдин формасы, долбоордун баасы жана жеңилдетилген кредит катары каржылоо маселеси да мага чейин эле чечилип калган экен”, – деди Осмонбек Артыкбаев.

Эскерте кетсек, Бишкектин Свердлов райондук сотунда Бишкек ЖЭБин модернизациялоо боюнча кылмыш иши козголгон С.Исаков, Ж.Сатыбалдиев, О.Лаврова, О.Артыкбаев, А.Калиев, С.Авазова, Ж.Назаров, Т.Бримкулов үстүнөн сот иши болуп келет.

Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 66 = 67

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: