Menu

Бобомурод Абдуллаевге козголгон кылмыш иши токтотулду

Бөлүшүү:

Бобомурод Абдуллаев

Өзбекстандык журналист Бобомурод Абдуллаев өзүнө карата ачылган кылмыш иши токтотулганын 23-октябрда “Фейсбукта” кабарлады. Ошондой эле ага чет мамлекетке чыгуу үчүн жалпы жарандык паспорт да берилди.

Бир апта мурда президент Шавкат Мирзиёев журналист Абдуллаевге Ташкенттен үч бөлмөлүү батир тартуулаганы кабарланган.

9-августта Кыргызстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) Өзбекстандын өтүнүчү менен Абдуллаевди Бишкекте кармап, 22-августта Ташкентке өткөрүп берген.

Журналист Ташкентке жеткирилгендин эртеси жүрүм-турум эрежелерин бузбоо жөнүндө тилкаттын негизинде бошотулган.

Азырынча Өзбекстанда журналистке кандай айыптар коюлганы белгисиз. Бул тууралуу расмий маалымат жок.

Журналист өзү Бишкекте кармалгандан кийин мекенинде «Кара Мерген» деген каймана ысым менен өкмөткө каршы макалаларды жазган деп айыпталып жатканын билдирген.

Бобомурод Абдуллаев 2017-жылы Өзбекстанда конституциялык түзүлүштү кулатуу максатында кутумга барган деп шек саналып камакка алынган. 2018-жылы май айында сот залынан бошотулган.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 42 = 51

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: