Menu

Видео – Депутат Бакыт Төрөбаев Юстиция министри Уран Ахметовду “министрдин наамын уят кылбаңыз!” деп какты

Бөлүшүү:

“Урматтуу министр, баардык мыйзамдар, өкмөттүн токтомдору жана буйруктары юстиция министри катары сиз аркылуу өтөбу?”, – деп сурады бүгүн, 16-январда КР Жогорку Кеңешинин Конституциялык мыйзамдуулук, мамлекеттик түзүлүш, соттук-укуктук маселелер жана ЖКнын регламенти боюнча комитеттин отурумунда “Мамлекеттик пошлиналар” тууралу мыйзамды талкуу учурунда депутат, “Өнүгүү-Прогресс” фракциясынын лидери Бакыт Төрөбаев КР Юстиция министри Уран Ахметовго кайрылып.

“Ооба, сөзсүз түрдө”, – деп жооп берди Уран Ахметов.

“Сиз аркылуу өтөт. Ал документтердин сапаты кандай? Депутаттар суроо берсе жооп бере албай жатасыз. Жогорку Кеңешке келгенде даярданып келиш керек да. Жөнөкөй сөз менен айтканда сиз кыргыз өкмөтүнүн юристисиз. Мамлекеттеги ар бир мыйзамды сиз билишиңиз керек. Комитеттин корутундусуна шылтабай, өзүңүз так жооп беришиңиз керек. Чындыгын айтканда сиз бул мыйзамга даяр эмес экенсиз. Прокуратуранын бул мыйзам боюнча жообуна да даяр эмес экенсиз. Комитеттин корутундусун окудум деп айттыңыз, бирок үстүртөн гана айтып койдуңуз. Аны да жакшы окубапсыз, эми уят да! Сиз деген министрсиз! Министр деген наамды уят кылбаңыз да! Сизге ишенип, бийликке жаштар келсин деп министр кылып койду. Сиз капа болбоңуз, бирок азыр бул жерде депутаттар нааразы болуп жатат. Ошондуктан же министр жакшылап даярданып келсин, же бул мыйзам долбоорун артка кайтаралык. Министр барып мыйзамдарды окуп, даярданып келсин. Мына, азыр биздин коллега, мурда сотто иштеген депутат  үч-төрт суроо берсе жооп бере албай койдуңуз. Депутат Мыктыбек Юсупович дагы бир министрден “Ысык-Көлдө канча склад бар?” деп сураса ал да жооп бере албайт. Уят да эми. Ошондуктан урматтуу депутаттар, бул мыйзамды артка кайтаралы, барып даярданып келишсин. Урматтуу министр, керек болсо биз да, депутаттар да мыйзамдарды окуп жыйынга даярданабыз. Ийне-жибине чейин даярданып келебиз”, – деди Бакыт Төрөбаев.

Депутаттар акырында “Мамлекеттик пошлиналар” тууралу мыйзамды министрлер окуп, даярданып келишсин деп артка кайтарышты.

Булак: Кyrgyztoday.кg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 80 − 76 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: