Menu

ТИМ башчысы Чыңгыз Айдарбеков Кытайдын элчиси Ду Дэвень менен коронавирус илдетин талкуулады

Бөлүшүү:

1-февраль күнү тышкы иштер министри Ч.Айдарбеков Кытайдын Кыргызстандагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси Ду Дэвэньди кабыл алды. Бул тууралуу ТИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Кытайдагы коронавирус инфекциясынын пайда болушуна байланыштуу Ч.Айдарбеков кытай элине чын жүрөктөн боор ачып, колдоорун билдирди. Мында кытай тараптын колдонуп жаткан чараларын толугу менен колдоого алды, ошондой эле жаӊы типтеги коронавирус тарабынан козголгон пневмония эпидемиясы менен күрөшүүгө багытталган Кытай Өкмөтүнүн аракетин жогору баалады.

Аны менен бирге Кытайдын аймагында убактылуу же туруктуу жашаган Кыргызстандын жарандарына карата пайда болгон маселелерди чечүүдө ыкчам көмөк көрсөткөндүгү үчүн министр Ч.Айдарбеков тарабынан кытай тарабына ыраазычылык билдирилди.

Жолугушуунун жүрүшүндө ошондой эле 2019-жылдын июнунда Кыргызстанга КЭР Төрагасы Си Цзиньпиндин мамлекеттик сапарынын алкагында эки өлкөнүн лидерлери тарабынан жетишилген конкреттүү келишимдерди ишке ашырууга байланышкан эки тараптуу кызматташуунун айрым маселелери дагы талкууланды.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 96 − 87 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: