Быйыл мектепти аяктаган 48 миңдей бүтүрүүчүнүн аттестаты жараксыз болуп калды. Быйылкы жылы бүтүрүүчүлөрдүн аттестаттарын жасоону тендерден “Тартип” аталышындагы басмакана утуп алган. Учурда аталган ишкана кетирген каталарын өз эсебинен оңдоп жатат. Мындай шалаакы, жоопкерчиликсиз иш үчүн Билим берүү министрлиги бүтүрүүчүлөрдөн кечирим сурап, жогорку окуу жайларга аттестаттарды кайра оңдоп бергенче документтерин кабыл алып тургула деп кат менен кайрылууга аргасыз болду. Бирок мындай ыңгайсыздык, мамлекеттин каражаты коромжу болгону үчүн кимдир бирөө мыйзам чегинде жооп бериши керек да. Министр Гүлмира Кудайбердиева кимдер тиешелүү жазаларын алышты, коомчулукка ачык билдириши керек. Болбосо буга окшогон көрүнүштөргө бөгөт коюу мүмкүн эмес.
Булак: “Фабула”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ