Мародёрчулук боюнча депутаттык комиссиянын жыйынтыктарын кароо мөөнөтүн Башкы прокуратура 1-августка чейин узартты. Бул тууралуу ЖКнын тармактык комитетинин жыйынында белгилүү болду.
Буга чейин 2010-жылы болгон мародёрлук, банктык ячейкаларды талап-тоноо, “Альфа-Телеком” ЖАКын (Мегаком), “Бишкек мунайзат компаниясы”, “Дастан” ишканасы, “Азия Универсал Банк”, “Кыргыз көмүр” ишканасын улутташтырылган объектилерди сатууга тиешелүү жана “Кыргызтелекомдун” интернет-кызмат көрсөтүүлөрү үчүн тарифтерди негизсиз жогорулатуу келишимдерин иликтеген депутаттык комиссиянын жетекчиси Анвар Артыков Жогорку Кеӊеште маалымат берген болчу.
Депутаттардын чечими менен комиссиянын чечими УКМКга, Башкы прокуратурага, ИИМге жана Экономикалык кылмыштар менен күрөшүү кызматына юридикалык баа берүү үчүн жөнөтүлгөн.
Булак: Каганат
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ