Өзгөчө кырдаалдар министрлигине коюлган милдеттердин бири – чет өлкөдөн келген жарандарды обсервацияга жайгаштыруу. Кыргызстанда бүгүнкү күндө 12 миңге жакын обсервациялык орундар даяр. Бул тууралуу бүгүн, 23-апрелде Өзгөчө кырдаалдар министри Замирбек Аскаров өкмөттүк онлайн-брифингде билдирди.
“ӨКМ коронавирус илдетин алдын алуу, ал менен күрөшүү боюнча күнү-түнү иш алып барып жатат. Бүгүнкү күндө Өзгөчө кырдаалдар министрлигине бир топ тапшырмалар жана милдеттер коюлган. Алардын кээ бирлерин айта кетейин. Биринчиден, чет өлкөдөн келген жарандарды обсервацияга жайгаштыруу. Аларга тамак-аш менен камсыз кылып, ыңгайлуу шарттарды түзүп берүү. Биз мунун үсиүндө иш алып барып жатабыз. Жалпы ӨКМ жана жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдары менен биргеликте Кыргызстан боюнча 12 миңге жакын обсервациялык орундар даяр турат” – деп билдирди Замирбек Аскаров.
“Андан тышкары, тамак-аш менен камсыздоо маселеси дагы министрликке жүктөлгөн. Бүгүнкү күндө 35617 жаранга мамлекеттик бюджеттен бөлүнгөн акча каражатынын эсебинен Бишкек шаарындагы, региондордогу обснрвациялардагы жарандарды 3 ысык тамак-аш менен камсыз кыдып жатабыз” – деп кошумчалды Замирбек Аскаров.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ