Жакынкы күндөрү республикада туруксуз аба-ырайы сакталат. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги эскертет.
12-январда көпчүлүк аймактарда жаан, кар жаашы күтүлөт. Айрым аймактарда түнкүсүн жаан-чачын катуу жаайт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге чейин жетет.
Чүй облусунда күндүз +13°C болсо, түнкүсүн 0°C болот.
Талас облусунун аймагында күндүз +12°C, түнкүсүн -2°C түзөт.
Ош жана Жалал-Абад облустарында күндүз +14°C, ал эми түнкүсүн абанын температурасы 0°C болот.
Баткен облусунда абанын температурасы күндүз +14°C чейин жогоруласа, түнкүсүн 0°C төмөндөйт.
Ысык-Көл облусунда күндүз +6°C , түнкүсүн -3°C.
Нарын облусунун аймагында күндүз -12°C, түнкүсүн -22°C.
Ал эми Бишкек шаарында аба ырайы күндүз +12°C, түнкүсүн -1°C төмөндөйт.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ