Menu

Исхак Масалиев, “Өнүгүү-Прогресс” фракциясынан ЖК депутаты: “Жантөрө Сатыбалдиев менен Кубанычбек Кулматовду үй камагына чыгарып берүүсүн башкы прокуратурадан сурандым”

Бөлүшүү:

– Исхак Абсаматович, башкы прокуратурага абакта жаткан Жантөрө Сатыбалдиев менен Кубанычбек Кулматовду үй камагына чыгарууну өтүнүп, кат жазган турбайсызбы. Эмне үчүн аларды үй камагына чыгарыш керек деп ойлойсуз?

– Башкы прокуратурага андай кайрылуу жазганым чын. Бирок, аны эч жерге жарыя кылган жок элем. Жеке мүнөздөгү кат ЖМКларга кантип чыгып кеткенине таңкалып атам. Ал эми кайрылуу жазуумдун себебине келсек, мен Жантөрө Сатыбалдиевди да, Кубанычбек Кулматовду да жакшы билем.

Жантөрө Жолдошевич ТЭЦти реабилитациялоонун долбооруна катышып, бирок, аны ишке ашырууга катышкан эмес. Комиссиянын мүчөсү катары айта алам, менин пикирим боюнча, кемчилик долбоорлоо учурунда эмес, аны ишке ашырууда кеткен. Ошондуктан, «аларды азырынча үй камагына чыгарып бергиле, анан тергөө бүткөн соң кандай жаза берүүнү сот чечсин» деп суранып атам.

– Анда Сапар Исаковду, Осмонбек Артыкбаевди деле үй камагына чыгарыш керек го?

– Жок, алардын жөнү башка да. Мен Сапар Искаковдун ички сапаттарын билбейм. Анан калса алар долбоорду ишке ашырууга, эсеп-кысабына катышкан. Дагы бир жолу баса белгилегим келет. Мен түшүнөм, тергөөгө кийлигишкенге укугум жок. Болгону депутат катары суранып атам. Бир кезде мындай нерсени өз башыман өткөргөн киши катары эч бир кишини абакка түшкүлүк кылбасын (!) дейм.

Керим Мурас

Булак: «Азия ньюс»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 6

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: