Menu

Дүйшөн Керимов, сынчы: “Турсунбек, Зарылбек, Равшандар сайрашса… Шеримкулов, Жумагулов, Жумалиевге Кудайдын ичи кенен экен”

Бөлүшүү:

– Дүйшөн байке, Украинанын жаңы президенти, куудул Зеленскийдин ант берүү аземиндеги «шоусун» көрдүңүз да? Биздин демократиялуу өлкөдө да жакынкы жылдары Украинадагыдай таптакыр күтүлбөгөн адам бийлик башына келип калбайбы?

– Суке, биринчиден, куудул Зеленский биздеги киндиктен ылдый жакты гана көбүрөөк чалып сүйлөгөндү өнөр кылган куудулдардан эмес экен да. Курч жигерин, интеллектуалдуу деңгээлин карачы, эй! Ооба, биздин өтүмүшүбүзгө кайрылсак, кыргыздын көчмөн турмушунда Куйручук куудулду Байзак бийдин сунушу менен Шабдан баатыр аркалык кыргыздардын топ жыйынын башкарткан. Тыныбек манасчы өнөрдүн аркасы менен бий болгон. Көкөтөй куудул эшиктен киргенде Шабдан баштаган башкаруучулар ордуларынан безге сайгандай тик турушкан. Анткени, мунун баары ошол өнөр адамдарынын дэңгээлине жараша болгон. Өнөрүнүн да кашкайган калыс, акыйкаттыгы болгону үчүн бай-манабы барктап, эли сыйлаган. Анан эми биздиң экс-чиновник саясатчы өнөрпоздорубузду алсак, ары карап бирди, бери карап бирди айтып, өйүз-бүйүзгө буйтап, кечээги кылган-эткенин карандай танып, кемчилигин моюнга алып, бети кызарганды кой, кайра жанди-милене, жандалбастай, улам бир телеканалдан, гезиттен, сайттан сайрап атат, актанат, азыркы бийликти сындайт, элге акыл айтат.

– Маселен дейли?..

– Толтура. Күнү кечээ эле Турсунбек Акун, Зарылбек Рысалиев, Бекболот Талгарбеков, Равшан Жээнбеков, Азимбек Бекназаров ж.б.у.с. телевизордун жана гезит бетин бербейт. Андан арыласак Медеткан Шеримкулов партия түзүп, Апас Жумагулов Чүйдү сактап калганын, Кубанычбек Жумалиев салттуу музыканы асырап, өнүктүрүп атканын айтып, өкмөткө өнүгүүнүн багытын көрсөтүп аткан болот. Кудайдын ичи, андан да кыргыздын ичи кенен экен да…

Андан маданият, рух дүйнөсүнө келсек, баягы эле Топчукең «Манас жана Айтматов академиясын өнүктүрөм» деп сакалын сылап отурат. Ээ кокуй, жаштар кайда, канатын булгабаган, дүйнөлүк заманбап илим-билимге канык, чындыкка төшүн тосо алаар жаңы күч, прогрессивдүү пешене-жүздөр барбы? Же жарамдуу, жигердүү атуулдар тентип кетиштиби? Күйүтүнө чыдабай ичип кетиштиби, өлүштүбү эмне? Узун сөздүн кыскасы, эл ичинен мыктысын иргеп алып чыгаар бийлик же сүрөнчү саяпкериң барбы? Эсеби маселен, байыркы «Чоң жинди» Манаска Акбалта, беридеги «чайчы» Полотханга Шер датка, «рэкет» Куйручукка Байзак бий, тоголок жетим Раззаковго Ахунбаев көмөкчү себеп, устат болгон эмес беле?..

Бул бир, экинчиден, «Биздин демократиялуу өлкөдө да…» деген сурооңо келсек, биздеги географиялык туңгуюктан орун алган жарым жапайы демократиялык деңгээлди Санчы сынчылык өнөрдүн соңку могиканы Салижан Жигитов мындан 25 жыл илгери эле канкакшап айтып кеткен. Аттиң, чек арабыздын бир бурчу Европага, болбосо Орусияга жалгашып калганда эмне? А Салижан аке болсо мындай айлампа туңгуюктан бир гана ашкере илим-билимдүүлүктүн аркасы менен суурулуп чыга аларыбызды саймедиреген. Илим-билимди, маданиятты дагы алгачкы президент Акаев какшытып кетти. Азыркы абалы болсо Садык депутат айткандай «итке сөөк» ыргыткандай бирдеме. Талашып тактап, жол издеп, маселе көйгөйүн парламентке, өкмөткө, президентке батыл айтаар, реформалык долбоорун сунуштаар министриң барбы? Дээрлик көбү жөн эле мейманга келгендей, «Улуу урматтуу, мен ойлойм…» дегендей жасалма, келегей кеп сөз, адаттан ашпайт. Койкоёт да чойкоёт…

– Байке, деги үмүтүңүз барбы?

– «Үмүтсүз шайтан». Ошол кагылайын үмүт бар үчүн, көөдөндө кайрат, жигер бар үчүн экөөбүз сүйлөшүп отурабыз. Чабылып-чачылган элди жыйнап, мамлекет курууда Айкөл Манас жана майдаланган карлик адабияттан зор рухий дүйнө курган улуу Чыңгыз чыккан ала-тоолук ак калпак элдин көрөңгөсү, тамызгысы, уюткусу, башаты ылайым какшыбаса экен, бизден да жеке кара башын эл-журтунун келечеги үчүн толук арнаган Ататүрктөй бир азамат чыкса экен! Ушуну Кудайдан тилеп турабыз.

– А азыркыларчы?

– Азыркылар кантсин, «Апрелди» минип алган Атамбаевдин кылган-эткен, аябай коюлантып салган «боткосунан» жана «турсам-өлөсүң» опузасынан кантип арылуунун аракет, азабы менен алек. Бирок аттиң, бийлик айланасындагы койкойгон, чойкойгон, мейлибай, макулбай, уйкучу кадрлар менен көнгөн адаттан, ылымылык маанайдан арылуу, жаңы ийгиликтерди жаратуу, көктөмдүү айдыңга тез чыгуу андан да кыйын, азаптуу болоор…

Сурат Жылкычиев

Булак: «Азия ньюс»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 31 = 34

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: