Menu

Ашхабадда пенсия өз учурунда төлөнбөй жатат

Бөлүшүү:

Ашхабадда пенсия өз учурунда төлөнбөй жатат. Бул тууралуу «Азаттыктын» түркмөн кызматы жазды.

Маалыматка караганда, мындан тышкары бюджетте иштеген кызматкерлердин айлыктары дагы өз учурунда берилбей жатат. Ошол эле маалда акыркы айларда өлкөдө азык-түлүк баасы кескин кымбаттоодо.

«Буга чейин мындай болгон эмес. Азыр пенсия алуу канчалык машакаттуу экенин көрүү үчүн «Сеганат Банктын» бөлүмүнө барып көрүү гана жетиштүү», — деп билдирди басылманын маектеши. Анын айтымында, кезек күтүп турган адамдардын дээрлик барыгы тең кайрадан акчасы жок кетип жатышат. Аталган банк бөлүмү пенсия жана социалдык төлөмдөрдү алган 5 миңге жакын жаранды тейлейт.

Учурда Түркмөнстанда пенсионерлердин дээрлик бардыгы тең пенсияларын пластик карталары аркылуу алышат. Жазында пенсия төлөмдөрүн накталай алууга укугу бар адамдардын саны кыскартылган. 1-июлда күчүнө кирген жаңы эрежелерге ылайык, 70 жашка чыга элек жарандардын бардыгынын пенсиясы банк карталарына которулат.

Пенсиялык камсыздандыруу эрежеси боюнча төлөмдөр ар бир айдын биринен 22сине чейин берилиши керек. Бирок жарандардын көбү июнь үчүн пенсиясын июлдун экинчи жарымында алышкан.

Булак: “Борбор Азия жанылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 85 + = 86

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: