Menu

Алманбет Шыкмаматов кызмат абалынан пайдаланып, аялынын бизнесин гүлдөткөнбү?

Бөлүшүү:

«Белизгейт» операциясынын башкы каармандарынын бири саналган «ата мекенчи» депутат Алмамбет Шыкмаматовдун кезектеги былыгы ашкереленди. Ишенимдүү булактан агылган маалыматка таянсак, ал Эсептөө палатасынын аудитору кезинде, тагырагы, 2011-жылдын октябрында өзүнүн аялы Жанаркан Турдакуновага караштуу “Мерседес Бенц Е-320” үлгүсүндөгү машинени өзү иштеген мекеменин сатып алуусуна шарт түзгөн экен. Окуянын өнүгүшү мындай: Эсептөө палатасы машине сатып алуу үчүн атайын тендер өткөрөт. Натыйжада «Барат Люкс» ЖЧКсы тендердин жеңүүчүсү деп табылып, «Мерседес Бенц Е-320» үлгүсүндөгү унаасын сатат. Кызык жери, дал ошол унааны Жанар Турдакунова аталган компанияга 13 мин 500 долларга сатыптыр. Ал эми “Барат Люкстун” тендерден жеңиши үчүн Алмамбет мырза “буту күйгөн тооктой” чуркаганы чынбы?

Экинчиден, мындай үлгүдөгү 2000-жылда чыккан унаалардын баасы базарда алда канча арзан. Ошондо Насыркан атанын уулу «кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланганы» аз келгенсип, арзан унааны өтө кымбат баада сатып алууга, болгондо да Эсептөө палатасына сатып алууга кол кабыш кылган болуп калабы? Бул өтө оор кылмыш эмеспи? Мындай шартта тийиштүү органдар бул фактыны иликтеп, юридикалык баа бериши зарыл го?  Же Шыкмаматовго жана анын аялына мыйзам иштебейби?

Булак: “Ачык саясат”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 41 = 49

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: