Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин сунушу боюнча жана Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 64-беренесинин З-бөлүгүнүн 4-пунктуна, 95-беренесинин З-бөлүгүнө жана «Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 27-беренесинин 1-1-бөлүгүнүн 4-пунктуна ылайык Кыргыз Республикасынын жергиликтуу сотунун судьясынын кызмат ордунан мөөнөтүнөн мурда бошотуу менен Джунушпаев Кыдык Карыбаевичтин Чуй облустук сотунун судьясынын ыйгарым укуктары 2018-жылдын 23-майынан тартып жана Садырова Чинара Идрисовнанын Бишкек шаарынын райондор аралык сотунун судьясынын ыйгарым укуктары 2018-жылдын 27-июнунан тартып токтотулду. Бул тууралу президенттик аппараттын басма сөз кызматы билдирет.
Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ