Menu

Алмаз Атамбаев КСДП фракциясына парламенттик көпчүлүктүн фракцияларынын коалициясын түзүү укугун берди

Бөлүшүү:

Алмаз Атамбаев бүгүн, 26-октябрда Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын фракция лидери Иса Өмүркуловду кабыл алды жана КСДП фракциясына парламенттик көпчүлүктүн фракцияларынын коалициясын түзүү укугун берди.

Ушуга байланыштуу Мамлекет башчысы “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде парламенттик көпчүлүктүн фракцияларынын коалициясын түзүү жөнүндө” Жарлыкка кол койду.

Жарлыктын тексти толук келтирилет:

Кыргызстан социал-демократиялык партиясы (КСДП), “Кыргызстан”, Өнүгүү-Прогресс” жана “Ата-Мекен” парламенттик фракциялары 2015-жылдын 2-ноябрында түзгөн фракциялардын коалициясы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги парламенттик көпчүлүктүн статусун жоготкондугуна байланыштуу, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 65-беренесин,

84-беренесинин 2 жана 7-бөлүктөрүн, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13-беренесинин 2-бөлүгүнүн экинчи абзацын жетекчиликке алып, токтом кылам:

1. Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын парламенттик фракциясына 2016-жылдын 17-ноябрынан кечиктирбестен парламенттик көпчүлүктүн фракцияларынын коалициясын түзүү, Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин кызмат ордуна талапкерди көрсөтүү, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн программасын кароону жана бекитүүнү, түзүмүн жана курамын аныктоону камсыз кылуу сунушталсын.

2. Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын парламенттик фракциясына жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин башка фракцияларына парламенттик көпчүлүктүн фракцияларынын коалициясын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүн түзүүнүн жүрүшүндө төмөнкүлөрдү эске алуу сунушталсын:

1) мамлекеттик бийликтин бардык бутактарынын башкы милдеттери болуп мамлекеттүүлүктү жана демократиялык институттарды мындан ары чыңдоо, элдин биримдигин жана өлкөдөгү туруктуулукту камсыз кылуу, экономиканы жана социалдык чөйрөнү, маданиятты жана искусствону өнүктүрүү, 2013-2017-жылдар мезгилине Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясынын башка максаттарына жетишүү, ошондой эле узак мөөнөттүү мезгилге Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн жаңы стратегиясын иштеп чыгуу, бекитүү жана ишке ашыруу эсептелет;

2) Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги парламенттик көпчүлүктүн фракцияларынын коалициясынын ал түзгөн Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен өз ара натыйжалуу иштөөсүнө жетишүү зарыл.

3. Бул Жарлык кол коюлган күндөн баштап күчүнө кирет.

 

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 4 + 3 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: