Menu

Атамбаевди оппозиция эмес, кошоматчылар жардан учурат – Качкын Булатов

Бөлүшүү:

Дегеле көз карандысыздык алгандан бери жаратман президентке ээ боло элекбиз, биринчи президент Аскар Акаев келгенде, Кыргыз эли өнүккөн өлкөлөргө теңелип калабыз деп үмүт кылаар элек. Аскар Акаев деле биринчи иретте, өлкөгө көп нерсени киргизе алган, демократия, базар экономика, менчиктешүү, эркин ММК, эркин чогулуш жана эркин сүйлөгөнгө жол ачып бергенин моюнга алышыбыз керек. Бирок ошо демократиянын ырыскысынан таюга абсалюттук бийликтен кеткиси келбей, үй-бүлөсү түрткү берип, тегерегиндеги кошоматчы азаматтар бийликтин күчүн пайдаланышып, ооз учу менен жеке кызыкчылыгы аткарылып, мамлекеттин эсебинен бат байып, мамлекеттин баалулугун унутуп, эл журт дебей, жеке кызыкчылыкка өтүшкөн. Демократиянын шарданы мурунку коммунистик партияга атандаштык иретте көп партиялар пайда боло баштаган. Чөнтөгүндө акчасы бар, акчасы жок бирок билими бар, амбициясы күч алган демогогдор дагы партия каттатып, козу карындай партиялар жайнап, сапаты ушу күнгө чейин жок. Ажо байлыкка кол сала баштаганда, оппозиция саясатчылары баш көтөрө баштады. Президент өзүнүн катасын билип турса дагы, колумда күч органы бар эмеспи деп оппозицияны кугунтукка ала баштаган. Аларга ММК аркылуу башынан ылдый жугунду куюп, убактылуу жеңишке ээ болуп турган. Тегерегиндеги кошоматчылар, оозунан заар чыккан журналистер, оппозицияны жөндөмсүз жамандап, элди ого бетер кыжырын келтирген. Ошо журналисттер президентти эбегейсиз мактап атып, элге жаман көргөзгөндөдүн бири экени ачуу чындык.

Акаевдин кетирген ири каталарына, ач көздүгүнө, саясатчыларды жөн жеринен камакка алган үчүн наразычылык күчөгөн. Президенттин үй-бүлөсү бийлик бутактарына киришип, мамлекеттин казынасына жана элдин чөнтөгүнө кол салганына нааразы болушканын унута элекбиз. Демократиянын шарданы менен акыры эл биригип, үч саатта президент Аскар Акаевди кубалап чыкканы, дүйнөнү дүңгүрөтпөдү беле. Чындап келгенде Акаевдин демократияны орнотуга салымы зор болгон менен, үй-бүлөсү жана тегерегиндеги кошоматчы жүзүкаралар, башка нукка буруп, өлкөнүн ырыскысына кол салган үчүн эл көтөрүлгөн. Акаев демократияны орнотуп алып, кайра бийлигине коркунуч жаратканда демократияны муунтуп жок кылганга аракет кылды, бирок кеч болуп калды көрүнөт. Анткени араң турган Кыргыз эли, демократияга сугарылып канына сиңип калган, азыр деле эркиндигин коргой алат. Кийинки президент К.Бакиев демократиянын негизинде келип, кайра үй-бүлөлүк система куруп, Акаевден алыс кеткен жок.Тегерегине баягы кошоматчы, тилинен бал сөз чыгып, кылган ишинен натыйжа жок демогогдор тегерегин курчатып алып, акыры Бакиев дагы өзүнүн тагдыры оор болуп, элден, журтан чыгып куулду. Кийинки куурчак президент Роза Отунбаева кандуу президент бойдон кала берет. Ал эки жылда деле эл алдында берген убадаларын бирин дагы аткара алган жок. Энергетика маселесин көп айтып, энергетика системасын призманын артынан карап ачык кылабыз деп убада бергени курусун. Президент болору менен энергетика тармагына өзүнүн баласынын досу Аман Тентиевди алпарган, Аман Тентиев бул тармакты мүлжүп ырыскысын жеп, радияциялык көмүрдү алып келип ызы-чуу чыгарып баса берди, ал эми уулуу көмүр зат ушу убакка чейин Бишкек ТЭЦте сакталып турган үчүн эч ким жоопкерчилик тарткан жок. Обшор аралындагы банкка акчасы бар экенин азыр билинип атат.

Атамбаевдин доору келди, Атамбаев ушу үч президентти башынан кечирип, ак, караны ажырата билиш керек эле. Айла жок Атамбаев дагы мурунку президентердин катарына кошулду. Атамбаевдин доору көпкө созулганы, мурунку оппозициянын баары бийликке келип, оппозицияда акчалуу саясатчы жок болуп, Атамбаев эркин шапар тебүүгө шарт түзүлгөн, өзүн-өзү билип өтүгүн төргө илген кез. Эгерде Атамбаев мамлекетти экономикалык кризистен алып чыгарса, анда муну эл кош колдоп колдомок. Бир дагы оппозициялык күч каршы чыгалмак эмес. Алты жылдан бери оппозициялык аянтча бош турду. Жаш саясатчылар бизге качан орун бересиңер деп наразы болушат, бирок бош турган оппозициялык аянтчаны ээлей алган жок, өзүнчө парадокс жаштар калп эле талаша беришкени билинип калды. “Бульдозер”, “трактор”, ал эмес Текенин авторитети кетип бүттү. Ушундай кырдалда бош турган оппозициялык аянтчаны Б.Талгарбеков тез аранын ичинде ээлеп, эл колдоосуна ээ болуп келеткан. Биз айталбайбыз 17-майда Атамбаев кетет деп, бирок бийликтин жүрөгү болк эте түштү, чын эле кетебизби деп үч адамдан корккон үчүн үчөөнү камай салганы туура эмес.

Мен таң калганым Атамбаев башынан эле эмне үчүн адам өлтүргөнгө жол берип жатат. 2010 жылкы революцияны албаганда, эр азаматтар келечек үчүн шейит кетти. Ал эми Ош коогалаңы миңдеген адамдын өмүрүн алып кетти, ал деле сабак болуш керек эле, ал жерде оор кылмыш болгонун сот аныктаган. Андан кийин Иссык-Көлдөн он бир куралсыз адамды чек араны бузган үчүн, террорист экен деп бир дагы күбө калтырбай атып таштады, кечиримсиз иш болду, ал жерде кадимкидей адам өлтүрүү болду. Андан кийин спецоперация деп түрмөдөн качкан, куралы жок кылмышкерлерди кармай албай атып таштады, калганын түрмөдөн сабап өлтүрдү. А.Итибаевди колунда куралы бар деп кошумча 86 жаштагы кемпирди , 56дагы баласын кошо атып таштады, бул эмне мыйзамдын чегинен чыктыкпы? Бычыратып эле өлтүрүп, аки-чүкүсү жок эле камап, деги мыйзам барбы? Коомчулук чындыкты билбей калдык же өзүңөрдүн кылмышыңарды жаап-жашырып жатасынарбы, айтор элге билинбей кала берди. Эми бийликти басып алат деп Бектур Асановду, Кубаныч Кадыровду, Эрнест Карыбековду, аларга кошуп Б.Талгарбеков, Т.Кулубаев, М.Султановду телефондон суйлөшкөнүн кармадык дегениңер шоона эшпей калды. Бийликти курал менен басып алганга камданып жаткан деп кене койдуңар. Эмне үчүн куралды колго алганда кармаган жоксуңар, куралдары кайда, бир дагы куралчан адамды көрө элекбиз. Кыргызстанда эң күчтүү куралчан Алмаз Шаршенович сиз, сиз куралдуу күчтөрдүн жогорку аскер башчысысыз. Президентен ашкан куралдуу күч барбы, керек болсо биз дагы коргоочубуз. Эгерде ошо курал алып Ак үйгө кол салса, бер жакта биз деле каршы туруп бермекбиз. Тарых көргөзө алды күч менен бийликке келип, элди алдап коёрун эл билип калды, мындан ары андайга жол берилбейт жана эл дагы жол бербейт. Эң жакшы курал бар, ал президенттин жаратмандыгы, өлкөнү экономикалык крисизтен чыгаруу, тегеректеп алган кошоматчыдан айрылуу, кошоматчы журналистерден арылбасаңыз ошолор жардан түртүп чыгарат. Бир убакта өзүн билген Акаевди жардан кулаткан ушу тили заар кошоматчы журналистер эмес беле. Кошоматчы журналистер азыр дагы негативдүү ролду ойноп жатат, аларга курулай корогон акча. Абдил Сегизбаев өзүнүн тарыхый ролун аткарып бүткөн, Эл арасында сөз бар “болбогон адамга сүйкөнбө” деген. Акаевди кетирип жатканда ур-тепкиге кабылып Каддафидей болуп кала жаздаган. Эми ошо катасын кайра кайталады. Колунда бийлик турганда көрүнүктүү иш иштесе болмок. Ири коррупция менен ким алек болуп жатканын беш колундай билет, бирок аттарын жашырбай ачыкка чыгарса коом ыраазы болмок, эгерде коррупционердин бетин ачып, акча булагын мамлекетке бурса, Атамбаевдин жүзү жарык болуп, колдоо тапмак. Ооба, Абдил Сегизбаев иштеген жок деп кантип айтабыз, иштеп атат, бирок буюртма иш кылып жатканын көрүп жүрөбүз. Убакыт өзү көргөзөт Абдил Сегизбаевдин каталыгы биринчи бийликке тийет, бийликти жаман көргөзөт. Талгарбеков айкан “Одиозные фигуралар” Атамбаевди элге жек көрүндү кылып жатканы чындыкка жатат. Алмаз Шаршенович ойлонуга убакыт келди, дагы деле саясый кризисти оңдоп кетүүгө убакыт бар. Куралчан адамдан, митингден дагы коркунучтуу жанында жүргөн кошоматчы журналистер, демогогдор, бийликке тырышкандар, тегеренип жүргөн ууру чинивниктер, имитациядан башка билбеген эки жүздүүлөр өтө коркунучту. Байыркы Кыргыз элинин тагдырын ойлобогон дөнөнбайлар, жеке курсагынан алыс кете албаган наадандар. Ичтери таза болсо ажону улуттук лидерге жеткирип, өлкөгө ири бурулуштарды киргизмек. Кошоматчылар  абсалюттук авторитаризмди орнотуга тырышып жатышат, аларга демократиялык күчтөр жол бербейт, биз демократиялык мамлекетти түптөп алганыбызды унутпайлык. Үркөрдөй болгон Кыргыз элин сактап калган баатырдык эмеспи.

Укук коргоочу Качкынбек Булатов     

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 6 + 4 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: