Menu

Discovery Networks Кыргызстан менен кызматташууга кызыкдар

Бөлүшүү:

Билим берүү, документалдык жана спорттук тармакка багытталган, дүйнөдөгү ири Discovery Networks телевизиондук чагылдыруу уюму Кыргызстанга келүүгө кызыкдар. Бул тууралуу аталган уюмдун вице-президенти, башкы операциялык директору Жеймс Кук Кыргызстандын вице-премьер-министри Гүлмира Кудайбердиева жазган катында билдирген.

“Биздин кызматташуулар ар тараптуу болуп, биздин контентти сиздердин аймакка жайылтуу, сиздердин өлкөдө билим берүү жана спортту өнүктүрүүгө багытталган биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу жана калкка бул багытта жардам берүү болуп саналат. Биздин уюм Кыргызстанды өнүктүрүүдөгү ири долбоорлорго жана келечекте өлкөнү дүйнөгө таанытуудагы ири пландарга катышууга кызыкдар”, – деп жазылган катта.

Discovery Networks уюмунун өкүлчүлүгү Кыргызстанга августтун экинчи жарымында келери күтүлүүдө.

Discovery Networks – дүйнөнүн 155 мамлекети көргөн спутник жана кабельдик канал. Корпорацияда 4500 кызматкер эмгектенет. Телеканал илим билим жаатындагы документалдык көрсөтүүлөргө жана спортко багытталган.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 57 − 54 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: